Menu

Атамбаев: Батукаевдин маселесинде Путин да сөз айтарына ишенем

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу чындыкты убагы келгенде Батукаев өзү сүйлөп берет деп ишенет. Бул тууралуу Атамбаев 26-июнда тараткан билдирүүсүндө айтты.

– Мен ошондой эле бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат.

Ал азыркы саясий жагдай тууралуу да пикирин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги туура эмес жолду тандап алганын, оппоненттерге жөнү жок көө жаап жатканын белгиледи.

Атамбаевдин билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбукка» жарыялады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 25-июнда Жогорку Кеңеште билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: