Menu

Бакиевдин официанты, Атамбаевдин министри Түлөбердиев депутаттарды түрө кыдырып…

Бөлүшүү:

Ринат Түлөбердиев деген эски бийликтин жакшылыгын көп көргөн бир “сырдуу” жигит бар. Ал Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин тушунда президенттик резиденцияда иштеп, канкор Курманбек Бакиевдин колуна суу куюп, “шеринесине” эки-үч айлык козуларды сойдуруп, тасмалына алыскы мамлекеттерден алынып келген кымбат арактарды койдуруп, күнүгө болбосо да, күн алыс же ажонун “аппетити” ачылган кездерде анын койнуна айыпсыз сулуу кыздарды салдырып, эртеси баш жазаарына эчкини саадырып жүргөндүгү арбын айтылып да, гезит беттерине жазылып да жүргөн. Кыскасы, ал эси жок эски бийлик тушунда Бакиевдин сүймөнчүгү болчу. Анан эмне болду? Бул таалайы таштан чоң неме Алрель революциясында Бакиевди такыр тааныбаган киши болуп, тез эле, так айтканда резиденциядагы качкын президент жаткан “гарем” бөлмөсүнүн терезесинен “секирип” чыгып, Атамбаев тарапка өтүп кетип, жоопкерчиликтен кутулуп, анын ордуна башкалар тутулуп, кызматынан көтөрүлүп, 2010-2014-жылдары президенттик иш башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеди. Анан ага Акүйдөн ишеним көрсөтүлүп, алыскы Түркиядагы Стамбул шаарына генералдык консул кылып узатышканда, жалпы коомчулук жактырбай, анын дарегине жаман сөздөрдү айткан болчу. Ал жакта эки жылдын ичинде эмнелердин ичинен чыгып, кандай иштерге башын тыгып келгенин (кылыктары менен былыктары кийин деле ачыкка чыгаар) ким билсин, айтор ал кызматынан бошоп келип, кайрадан Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалып, ал кызматта да иштеди. 2017-жылдын этегинен бери бийлик аны Кыргызстандагы эң “майлуу” делген мамлекеттик Мүлк фондусуна жетекчи кылып дайындаган. Учурда 39 гана жаштагы Түлебердиев буга чейинки иштеген иштеринде деле эч кандай жыйынтык чыгарып, өзүн көрсөтө алган эмес. Анан килтейген Мүлк фондусунун ишин кайдан алдыга жылдырсын. Жылдырмак турсун, анын ишине барган сайын катуу сындар айтылууда. Өкмөт да, депутаттардын көбү да, президенттик аппарат да анын ишине ичи чыкпай турганы байкалды. Ушундан улам, тар чөйрөдө аны кызматтан алуу маселеси козголуп баштаптыр. Ал эми Түлөбердиев болсо, кызматтан алынарын сезип, бир топ депутаттардын кабинетин түрө кыдырып, кызматта калып калуу аракетин көрүп жатканы ачыктала баштады. Бирок анын бул “түлкү жүрүш” кадамынан майнап чыгабы? Себеби, бул маселени президент Жээнбеков өзү гана чечет. Же, анча-мынча жерден желмогуздарга да пок жедирип кетчү “касиети” бар Түлөбердиев Жээнбековдорго да эчак жетип, жедирчүсүн жедирип, ичирчүсүн ичирип койду беле? Айтор бул жагы чоң суроо. Деги эле, укуругу узун укук коргоо органдары Түлөбердиевдин резиденцияда иштеген иштерин, элчиликтеги, анан ушу тапта иштеп жаткан маммүлктөгү ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алып алып койсо, толгон былыктыр чыгарына кепилдик бар деп айтууга болоор… Бийликтин мына ушул маселеге эрки жетеби?..

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: