Menu

Кудайбердиевадан кутулбас болдук го…

Бөлүшүү:

2016-жылдан бери Билим берүү жана илим министри болуп келаткан Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстандын билим берүү тармагынын таптакыр эле таш-талканын чыгарып, талпагын ташка жайып салмай болду. Бул айымдын деңгээли министр эмес, директор болууга эле жетет окшобойбу. Буга чейин министрликтеги алешемдик иштер, коррупция, теңирден тескери иштер тууралуу көп сындар айтылганы менен Жээнбеков бул айымды кызматтан кетиргиси келбей, “бек кучактап” тургансыйт. Президенттин мындай колдоосун жакындан сезип турган министр айым, өзү жетектеген министрликти каалагандай калчап, элди эл деп деле санабай калганга чейин жеткени байкалгансыйт. Эки, үч ай мурун Эл аралык форумдагы “вузов” деген сындуу сөздөрдү балтайта ката кылып, көрүнө жерге илдирип, айтылган сындарга “эки катадан эч нерсе болбойт”- деп жооп айтып, мурдун балта кеспестигин көрсөткөн. Эми болсо быйылкы окуу жылында мектепти бүтүргөндөргө ката жазылган аттестаттарды тапшыртты. Анда, министрлик “жөнүндө” деген сөздү тура жаза албай “н” тамгасын “ң” деп жазып койгон. Учурда жалпы коомчулук министрликтин ишке болгон кайдыгерлигин катуу сынга алышууда. Президентке негизи мыкты иштегендер эмес, мыйыгынан күлүп, ыргылжың-мыргылжың иштегендер абдан жагат окшобойбу. Же Кудайбердиева ажону эч ким билбей эң күчтүү “сыйкыры” менен арбап алды беле? Кыскасы, бул жагы ит эле болуп жатат. Эл Кудайбердиеванын өзүн эмес, атын да уккусу келбей калды. “Желкемдин чуңкуру көрсүн” дегендер четтен табылат. Гүлмира айым, ушунчаңызда мансапка жабышпай, сыйыңыз (негизи сыйыңыз деле калбады) менен кетип калсаңызчы. Иштеги кетирген ири каталар, кемирейген кемчиликтер, миллиондордун башын жуткан коррупциялык схемалар сизди кызматтан кеткенден кийин деле тынч койбос…Жооп берчү күн да келээр…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: