Menu

Тагдыр: Ойношумдун айынан күйөөм менен ажыраштым

Бөлүшүү:

Жеке турмушунда үй-бүлөсүн башкага алмаштырып, жеңил ойлуулукка алдырып тетири жолго баскан адамдар бар экендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Бүгүнкү каарманыбыз дагы өзүнүн өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салып ара жолдо калганын баса белгилеп, бизге өзүнүн жаңылыштыгы тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берген эле. Тамаранын бул баяны башкаларга сабак болушун эске алып жарыялап коюуну туура көрдүк.

—Силерден эмнесин жашырайын. Өзүмө өзүмө душман болуп тагдырыма балта чаптым. Учурунда күйөөм экөөбүз бири-бирибизге ашык болуп жүрүп эле баш кошконбуз. Ал иштерман адам болгондуктан тез эле үй-жайлуу болуп, жашообуз жакшы жагына өзгөрдү. Экөөбүздүн тааныштарыбыздын баары бизге суктанышчу эле. Үч балалуу болгондон кийин өзүмдүн кесибим боюнча тиш доктур болуп иштей баштадым. Балээнин баары ошондо башталды. Күндөрдүн биринде тишин дарылатканы бир жаш жигит келип калды. Башында ага кайдыгер эле мамиле жасап аткам. Бир жуманын аралыгында ал мени сөзгө тартып өзүнө жакындата баштады. Алгач күйөөм бар экенин айтсам да болбой жабыша берди. Аты Тынчтык эле. Ал бир жолу түшкү тамактанууга чакырды. Ошол жерден мага ачыгын эле айтып:

—Менин да келинчегим сиздей сулуу болгондо абдан бактылуу болот элем. Ишенсеңиз, аны көчөгө ээрчитип чыккандан уялам. Ал өзү жылдыздуу болгону менен бою аябай кыска, – деди аялына нааразы болгондой түр көрсөтүп.

—Сен аны менен кантип үйлөндүң эле? – дедим анын жеке турмушуна кызыгып.

—Мен ага жаштык-мастык кылып баш кошком. Аны ала качып келген күнү мас болчумун. Ошентип айла жок жашап калдым. Эми “бирөөнүн аялы бирөөгө кыз болуп көрүнөт” болуп сизге көзүм түшүп жатпайбы, – деди колумду кармалап.

—Эркектер ушунуңар жаман. Ар кимге тийишип, – деп колумду булкуп тартып алдым.

Ал ошол боюнча жөн калбай ого бетер тийишип жатып мени өзүнө тез эле көндүрүп алды. Тынчтык менен ошол күндөн баштап кантип көңүлдөш болуп кеткениме түшүнбөй калдым. Менин мурдагыга салыштырмалуу өзгөргөнүмдү көргөн күйөөм башында анча шек санаган эмес. Жумушуна байланыштуу катуу чарчап жүргөн го деп ойлосо керек. А мен билмексен болуп Тынчтык менен көңүл ачып жүрө бердим. Бир жолу өзүм иштеген бейтапкананын алдынан Тынчтыктын машинасынан түшүп жатканымды күйөөмдүн таанышы көрүп калыптыр. Кечинде жумуштан келсем күйөөм мени ызырынып күтүп турган экен. Босогону аттаганда эле жаактан ары бир чаап:

—Эй канчык! Кайсы бетиң менен келдиң үйгө, ыя? Чык эшикке! – деди желкемден мыкчый кармап түртүп.

—Мен сага эмне кылдым? – дедим эч нерсеге түшүнбөгөнсүп анткорлонуп.

Ошондо балдарым чыркырап ортого түшө калбаганда катуу таяк жемек окшойм… Акыры бул жагымсыз окуядан кийин экөөбүз ажырашып кеттик. Учурда кызым менен батирде жашайм. Күйөөм уулдарымды бербей өзүнө алып калды. Менин жаманатты болуп ажырашканымды уккан тааныштарым менден кол үзүштү. Туугандарым да аябай нааразы болушкандыктан эч кимиси менен катташа албай калдым. Ал эми баягы ойношум болсо күйөөм экөөбүздүн ажырашканыбызды уккандан кийин мага таптакыр жологус болду. Бойдок жүрсөң элден ар кандай сөздөрдү угат экенсиң. “Ойнош оттон ысык, боктон сасык” – деген сөз бекеринен айтылбаганын эми билип жатам. Аттиң… Бекер кылган экенмин. Күйөөм уулдарыма эч жолуктурбай жатат. Азыр ойлосом, жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдерим бул күйөөм менен жашаган учурум экен. Мага чала… Акыры ушуну көрмөкмүн. Үй-бүлөлүү айымдарга айтаарым, эч качан ойнош күтпөгүлө. Андыктан, менин бул кейиштүү тагдырым силерге сабак болушун каалайм. Жолдошунун көзүнө чөп салып зына ишке баргандар тиги дүйнөдө тозоктун отун түшөөрү тууралуу шариятта да айтылган экен. “Көсөнүн акылы түштөн кийин кирет” болуп бул сөздүн маанисин башыма мүшкүл иш түшкөндө гана түшүнүп жатам. Дагы бир кайталайм, жеңил ойлуулукка алдырбай үй-бүлөңөрдү бекем сактагыла! А менин келечегим азырынча туңгуюк…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: