Menu

Бакыт Жетигенов, ЖК депутаты: “Атамбаев менен жаман-жакшы айтышпай такташып алдым”

Бөлүшүү:

—Бакыт мырза, жакында ЖМКлар сизди кесиптешиңиз Канат Исаевди сабап салды деген мааниде маалыматтарды жазып чыгышты. Бул маселенин чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак..

—Билбейм, кимдерге кереги бар эле, айтор бул маселе боюнча ошондой сөз тарап кетиптир. Чынында мен ал күнү Исаевдин кабинетине бир маалыматты тактап алайын деп барганым чын. Ал жеке маалымат, жеке маселе болчу. Такташып алып, кеткем. Айрымдар мени Исаев менен абдан душман деген сөздөрдү да чыгарып алышыптыр. Экөөбүздүн ортобузда мурда-кийин эч кандай келишпестик да болгон эмес. Ал өз иши менен, мен өз ишим менен дегендей…

—Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттар өз добушун беришти. Сиз каршы болдуңуз. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Биз бул маселе боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна добуш бердик да. Чынында депутаттык комиссия Атамбаев боюнча 6 айыпты талкуулады. Бирок айып койгонго укугу жок. Болгону ошол кылмыш иштерине шектүү деген ойду айтышты. Эми мунун баарын Башкы прокуратура текшерип, өз жыйынтыгын айтат. Буга чейин Текебаевди 5-6 жылдан кийин Маевский чыгып, жалган маалымат берип койсо, камап салышпадыбы. Бул жерде да маселе ошондой болуп калышы мүмкүн. Айтор, баары тыкыр иликтениши керек.

—Сиз бута чейин Атамбаевди жактаган депутаттардын катарында болуп келгениңизди эл билет. Азыр кандай позициядасыз? Позицияңыз өзгөрдүбү?

—Саясатта кырдаалга жараша позиция көпчүлүк саясатчылардыкы өзгөрүп турат. Туура айтасыңар, мен Атамбаевди колдоп келгем. Бирок мен ал киши менен жеке өзүм жолугуп, өз позициямды тактап алдым. Бийликти колдой турганымды ачык айттым. Ал киши менин чечимимди сынга алган жок, “өзүң бил” дегенден башка кеп айтпады. Кыскасы, жаман-жакшы айтышпай, такташып алдым. Убагында саясаттан колдоосун көрдүк, аны эске алып, жаман-жакшы кеп-сөздөрдү айтпадык. Эми менин чечимим туура болдубу, болгон жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

—Жакында эл менен жолугушууга, эс алууга кетесиздер. Элге аткарып жаткан иштериңиз боюнча эмне айтасыз?

—Мен эми депутат катары укмуш кыйратып ийдим, тоону томкордум деп айта албайм. Айрымдарга окшоп, кичине бир иш жасап коюп, аны да пиар кылып, айтууну жактыра бербейм. Эл катары иш алып бардык. Тишибиз өткөн, акылыбыз жеткен мыйзам долбоорлорун жазууга катышып, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө өз аракеттерибизди кылып келатабыз. Чүйдө шайлоочулар менен колдон келишинче көбүрөөк жолугууга аракет кылабыз.

Бирок ар дайым эле биз ойлогондой боло бербейт да. Чүйдө экономикалык жактан өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болсо да, социалдык жактан чечилбеген көйгөйлөр көп. Айтсак, баягы эле мектеп, бала-бакча, оорукана, спорттук имараттар сыяктуу көйгөйлөр. Мына ушул маселелерди чечүүгө да өз салымыбызды кошуп жатабыз.

Негизи бизде атка минер болобу, карапайым адамдар болобу, айтор көпчүлүгү жанга тынч дегенсип жалкоолукка басым жасаган элбиз да. Мына ушул сапаттан арылып, замандын агымынан калбай, талбай, таза иштесек дейт элем. Мекен үчүн, эл үчүн ак иштеген күжүрмөндөр көп болушун каалайт элем.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: