Menu

Өзбекстандын экс-башкы прокурору 10 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров коррупцияга байланыштуу айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды.

Ташкент шаардык соту Кадыровду пара алуу, опузалоо, финансылык мыйзамдарды бузуу, салык төлөөдөн качуу, сот акыйкаттыгына бут тосуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан башка 12 адам да түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Кадыров 2018-жылы февралда камакка алынган. Ага «Опузалоо», «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген. Ал 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: