Menu

Орто Азия мамлекеттери: кайсы өлкөлөргө канча карыз?

Бөлүшүү:

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум 1979-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин экономикалык абал боюнча атаандаштыгы боюнча изилдөө жүргүзүп, рейтинг жарыялап келет. Аз күн мурун аталган форум Орто Азияда жайгашкан 5 мамлекеттин тышкы карыздарынын рейтингин түздү. Төмөндө кайсы мамлекет кайсы өлкөлөргө канча суммада акча карыз экенине бирге көз чаптыралы. Жыйынтык 2018-жылдын 1-октябрына карата чыгарылган.

1. Казакстандын жалпы тышкы карызы 161,5 млрд. долларды чапчыйт. Бул карыз акчанын көбүн Нидерланд королдугунан алган. Тактап айтканда 48,9 млрд. долларга жетет. Андан кийин Англиядан алган каражаты 21,3 млрд., АКШдан 12,3 млрд., Кытайдан 11,9 млрд., Франциядан 11,7., Россиядан 10 млрд. доллар.

2. Кыргызстандын жалпы тышкы карызы: 3 млрд. 764 млн. доллар. Бул акчанын 1,7 млрд. долларын Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алган. Андан кийинки көп карыз Япониядан алынган. Бул мамлекетке 237 млн. доллар, Германияга 83 млн. доллар карыз.

3. Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 14,7 млрд доллар. Бул мамлекет жарым жартылай жабык мамлекет болуп келгендигине байланыштуу кайсы мамлекетке канча карыз экенин ачыкташкан эмес.

4. Тажикстандын жалпы тышкы карызы 2,8 млрд. доллар. Бул өлкө 62,2 млн. долларын ЭВФдан (Эл аралык валюта фонду) алган. Кытайдан 3,5 млн. доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 812 млн.доллар, Дүйнөлүк банктан 315 млн.доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 278 млн. доллар алган. Буга чейин Кытай Тажикстандын кайсы бир аймагын берген карызы үчүн алгандыгы боюнча ЖМКларда байма-бай маалыматтар чыккан.

5. Түркмөнстан дагы жабык өлкө болгон үчүн тышкы карыздын так өлчөмүн жан кайсы мамлекеттерге карыз экенин расмий түрдө көрсөткөн эмес. Бул өлкөнүн тышкы карызы 9-11 млрд. доллардан 16 млрд. долларга чейин деген маалымат айтылган.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: