Menu

Орусияда тажик-өзбек мигранттарынын жапырт ууланышы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Москва облусунун полициясы Одинцоводо Тажикстан жана Өзбекстандан келген мигранттардын жапырт ууланышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 23-июнга караган түнү Одинцово шаарчасында тамак-ашка уулануу белгилери менен элүүдөй мигрант медициналык мекемелерге кайрылган. Алардын ичинен 12си ооруканага жаткырылган. Алардын баары бир ишканада иштеген.

Одинцоводогу терезе-эшик чыгарган цехте 200дөн ашык тажикстандык, ондогон өзбекстандык мигрант иштейт. Жумушчулардын биринин айтымында, алар ай сайын 20 миң рубль айлык акы алышат, 4 миңин тамак-аш үчүн ишкананын ашканасына төлөп беришет. Мигранттар цехте жатып иштешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: