Menu

Видео – «Экс-президент» деген наамды Атамбаев «саясий туткун» дегенге алмашууда

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден «экс» деген макамды алып салып, аны укуктук кол тийгистиктен ажыратуу маселесин Жогорку кеңеш бүгүнкү күн тартибине кошкон жок. Депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев атайын мыйзам даярдап жатканда, алардан озунуп, андай иммунитетти Атамбаевге былтыр Конституциялык палата ыйгарып койгон.
Масалиев менен Зулушев – 2003-жылдагы президенттин ишмердигине кепилдик деген мыйзамдан экс-президент жөнүндөгү 12-беренени такыр алып салалы деген, анткени ал берене 2003-жылдан бери кабыл алынган 3 Конституциянын баарына каршы келген. Конпалата экс-президентти андай макамдан ажыратуу иши импичменттен кем эмес татаал болсун дегенине, ошондуктан, Жогорку кеңеш акырында макул болгон.
Азыр дал ошондой иштер жүрүп жатат, бирок Атамбаевди колдогондор ага башка макам – саясий туткун, саясий себептен куугунтукталган адам деген макам берүүгө аракетенүүдө. Мисал катары алар Бишкектин мурдагы эки мэри, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы менен Сапар Исаковду келтирүүдө, биррок негедир бир кезде алардан өйдө кызматта отурган Икрамжон Илмияновду саясий туткундар катарына кошпойт.
Андай нерсе эки себептен болушу мүмкүн – же Илмияновго коюлган күнөө менен атамбаевчилер макул, же анын туулган жери туура эмес. Атамбаевдин жанындагылар, ошондой эле, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди же экс-министр Осмон Артыкбаевди дагы негедир саясий куугунтукка кабылгандар деп атабайт. Бирок алардын баарына коюлган күнөө бирдей эмеспи.
Атамбаевдин телеканалы бүгүн саясий туткундарга арналган телемарафон уюштурууга да аракеттенди, бирок анысы ишке ашкан жок. Ал марафонго даярдалган баннерге болсо Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун да сүрөттөрү кошулуп кеткен. Деректири Атамбаевдин партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болсо, мындай телеканал чындыкты бурмалаган маалымат каражаты экенине таң калбай эле койсо болот.
Атамбаевдин учурунда саясий куугунтукка дуушар болгондор эмне үчүн Атамбаевдин жакындарына кошулуп калган деген суроого президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов – соттун чечими бар эмеспи дейт. Бирок Салянова, Текебаев же Жапаровду соттогон соттор аларды саясий туткун деп атаган эмес. Жалгыз ушул эле калп – Атамбаев жана анын тарапташтарын башынан аягына чейин толук мүнөздөйт.
Алар мурдагы жана азыркы фактыларды бурмалап, жарым чындыкка жарым калп кошуп, караны – ак, акты – кара деп чалмакей чалып жана анын баарынан башы айланып калган коомдон андай чалмакейдин жыйынтыгы катары – Атамбаев эмне кылса дагы, анын баарын актайт деп күткөн. Депутат Канат Исаев бүгүн – ага каршы чыккандын баарын соттоп келген Атамбаев эми өзү сотко келип актанып көрсүн дейт:
«Атамбаев эгерде чынында эле күнөөсүз болсо, бул жанагы партиянын төрагалыгынан кетмек эмес да. Мен коркпойм, мени кол тийбестигимен ажырата бергиле, мен актыгымды далилдеп берем демек. Ал дароо эле коркуп, партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, кол тийбестик макамына ээ болуп турайын деген аракет болду. Эми болсо өзү бир топ адамды мына, мыйзамга баш ийбейт, мыйзамсыз куралданат, мыйзамдарды сыйлабайт, бийликти сыйлабайт деп айтып келчү эле буга чейин – баарын сотто далилдесин, сот чечсин дечү эле, бүгүн эми мыйзамсыз кадамдарга барып, эл топтоп, элдин артына жашынып, ушунда аракет кылып атат».
Атамбаев өзү бүгүн түшкү саат экиде билдирүү жасамак, бирок кийин андан баш тартып, жөн гана текст таратты. Анын айтымында, азыркы президент – өзүнүн саясий оппонентинен кутулууга аракеттенүүдө. Бирок Атамбаев азыр мыйзам боюнча да, факт түрүндө дагы эч кандай саясатчы эмес жана ошондуктан эч кимге саясий оппонент боло албайт. Атамбаев – мага каршы былык аракеттерди былык саясатчылар көрүп жатат дейт.
Бирок эң былык аракеттерди өз оппоненттерине каршы Атамбаев өзү мурда кеңири пайдаланган, азыр ал былык деп атаган саясатчыларды дагы бийликке ал өзү алып келген. Жана былык маалымат технологияларын дагы Атамбаев менен анын жанындагылар эң жакшы өздөштүргөн. Мага каршы көрүлүп жаткан аракеттер акылга сыйбайт дейт Атамбаев, бирок анда анын өзүнүн аракеттери акылга караандап да жакындабайт.
Өзү эмне кылса, башкаларды ошондой кылды деп күнөөлөгөнгө экс-президент маш. Кеп ошондо.

https://www.youtube.com/watch?v=aFEUkSY-C-s&t=38s

Булак: “5-канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: