Menu

Суваналиев менен Мадумаров биригишеби?

Бөлүшүү:

Учурда бакылдап сүйлөгөн саясатчылардын өтмүшүнө кылчайып көрсөк, 90 пайызы коррупцияга айыпталган, ар кандай кылмыштарга кириптер болгондор экен. Эмне үчүн өлкөбүз оңолбой атат? Себеби, «коррупциянын символдору», ууру-кескилер саясый айдыңдан кетпей атканында…

Биз электен өткөрүп көрсөк, генерал Суваналиев менен Мадумаров оор кылмыштарга тартылбаганы, коррупцияга аралашпаганы менен башкалардан айырмаланып турат экен. Бул факт! Мына ушундай адамдар акыл көрөңгөсү толуп турганда, тажрыйбасын мамлекетке пайдаланып калсак болбойт беле? Кыргыздын тыңчыкмалары бири ойго, экинчиси тоого тарта беришсе, алдыга жылууда болбойт. Андыктан, акыл кошо турган аксакалдар, саясый элита ийри отурушуп, түз кеңешүү менен чыңалган саясый кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун издешибиз керек. Качанкыга чейин ыркырашып, бири-бирибизди ашата поктоп отура беребиз?

Ооба, Өмүрбек Суваналиев «аты улук, супарасы курук» дегендей кызматта отурат. Коопсуздук кеңешинин орун басары. Мамлекеттик деңгээлде чече турган көрүнүктүү иши болсо аткарабы? Жөн эле убакыт өткөргөндөй. Бир дагы күч органынын жетекчилиги «Комиссар Каттаниге» берилбеди. Мындай күндөр улана берсе, эртең ал «тойдум байдын кызына» деп басып кетет. Анан досу Адахан Мадумаров менен тандем түзүп, парламенттик шайлоого аттанса, саясый элита, таза жаштар экөөнө оңой эле бурулушу ыктымал. Акчалуу олигархтар да тымызын миллиондорду сунушуп, «Бүтүн Кыргызстанды» көтөрүп кетишсечи? Учурда капчыктуулар кайсы күчтөргө кошуларын көбүнчөсү чече элек. Күзгө карай такташуулар, партиялар менен жиктешүүлөр иши жанданса керек.

Ток этери, биздин билишибизче, күзүндө генерал Суваналиев менен Мадумаровдун тандем түзүүсү толук мүмкүн. Аз гана убакыт калды, күбө болобуз.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: