Menu

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Канткенде “Чимкирик парламент” өзгөрүп, “Тарыхий парламентке” айланат?”

Бөлүшүү:

– Сиз мурда таластыктар Көбөш атаган Алмазбек Атамбаевди «Кыргызга миң жылда бир келчү кырсык» деп айтып кеттиңиз эле. Ал өз сөзүндө «Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк – кландык режимин да шыпырып кетери анык» деди. Атамбаевден дагы кандай иштерди күтсөк болот?

– Мен «Апрель» телеканалына сүйлөп келдим. Ошол ойлорумдан бөлүшсөм болот. Жогорку Кеңеш карап, Атамбаевдин кол тийбестигин алып жатат. Ошону мен 1991-жылкы 31-августтагы эркиндикти алган күнгө теңештирип жатам. Себеби дегенде, кыргыз эли миң жылда бир келчү кырсык – Атамбаевден кутулганы турат. Кыргыз элине кайрылдым. “Боорсок бышырып, түлөө өткөрүп, Атамбаевден кутулганыбызга сүйүнүп, мындан ары жакшылык тилеп, эл арасында ынтымак болсо экен. Эми өнүгүү жолуна түшөлү, чоң майрам, тиленүү кылалы» деп кайрылдым. Экинчиси, Атамбаев азыркы парламентти «Чимкирик парламент» деп атады эле. Мен деле ушундай ойдо болчумун. Ал парламентти Атамбаев өзү түзгөн. Эми алар башкача кадам жасап, тарыхта калганы турат. Эң биринчи парламентти «Легендарлуу парламент» деп атадык эле. Эгерде бул парламент Атамбаевден кутултушса «Тарыхий парламент» деп атамакмын. Себеби, «Атамбаевден кутултабыз» деп отуздан ашык саясатчы камалдык. Саруулуктар түрмөгө түштү. Биздин мажирөө прокурорубуз эч нерсе кыла албай койду. Ошондой ишти эми азыркы ЖКнын депутаттары жасаганы турат.

– Акыркы кадамдарына көз карашыңыз?

– Атамбаевдин азыркы кылып жаткан иштеринен майнап чыкпайт. Ал өзүнүн деңгээлин көрсөтүп жатат. Көрпенделигин көрсөтүүдө. Ал мыйзамды тебелегенинен майнап чыкпайт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: