Шымкент шаарына көчүрүлгөн Арыстын жүздөн ашуун жашоочулары “Акмешит” мечитинин жанында жолду жаап, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылышты.
Чогулгандар өкмөт жардам бербей жатканынан нааразы. Алардын айрымдары Арыстагы бузулган үйлөрүнө кайтпай турганын айтышып, башка аймактардан турак-жай жана жер тилкелерин берүүн талап кылышууда. Арыстыктар 2009-жылдан бери төрт жолу жарылуу болгон аймакта жашоону каалабай турганын кошумчалашты.
Нааразы тарап менен жолугушууга келген Шымкент шаарынын башчысы Габидулла Абдирахимов өкмөт Арыс шаарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө каражат бөлүүнү пландап жатканын айтты.
Абдирахимов Арыс шаарынын тургундары үчүн Шымкенттен турак-жай жана жер тилкесин берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Анын айтымында, Шымкентте үй үчүн 150 миң киши кезекте турат.
24-июнда 42 миңдей киши жашаган калаада аскерий кампадан өрт чыгып, ок-дарылар жарылган. Аймак тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Алардын көбү Шымкент шаарындагы мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.
Жалпысынан дарыгерлерге 165 адам кайрылган, алардын 89у ооруканага жаткырылган. Жарылуудан үч адам мерт болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ