Menu

Кожобек Рыспаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Суусамырда 7 унаа баш байге коюлуп, чоң той өткөнү жатат”

Бөлүшүү:

– Кожобек мырза, Суусамыр жергесинде чоң той өткөргөнү жатыпсыз. Эмне болгон иш-чара ал?

– Быйыл кадимки Кожомкул балбандын 130 жылдыгы. Иш-чараны өткөрүү боюнча демилге көтөрүп чыкканбыз. Уюштуруу комитети түзүлүп, башында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова туруп, жакшы даярдык кылдык. Кожомкулдун туулуп өскөн жери Суусамырдын Кара-Кол жайлоосунда, буйруса, ушул айдын сонунда өтөт. 29-июнь күнү ат оюндары, көк бөрү жарым финалдары башталат. 30у күнү расмий бөлүк болуп, анан жабылат.

– Оюнчулар Кыргызстандын баардык аймактарынан чакырылдыбы?

– Оюн эл аралык деңгээлде өтөт. Демек, жакынкы кошуна өлкөлөрдөн да коноктор келишет. Албетте, Кыргызстандын баардык облус, райондорунан оюнчулар да келишет. Биринчи жолу, «ат көтөрүү», «таш көтөрүү» деген жаңы оюндардын түрлөрү ойнолот. Анткени, Кожомкул ата өзү балбан болгон. Андыктан, ат, таш көтөргөн балбандар казак, өзбек туугандардан чакырылды. Ат көтөргөн жеңүүчүгө бир унаа, таш көтөргөнгө бир унаа байгелер коюлду. 2-3-орундарга да сөзсүз байгелер да болот. Мындан сырткары, көк бөрүгө, ат чабышка, эр эңиш, күрөшкө бирден унаа, жалпысынан 7 унаа баш байге коюлду.

– Маараке чоң даярдыкта өтүп жаткан соң, мамлекеттик деңгээлде да көңүл бурулган болсо керек?

– Мындай тойлорду каржылоо мамлекет тарабынан болбой калган. Андай эрежени алып салган. Ошого карабай, биздин бийлик мындай инсандарга көңүл бурат. Президентке да, өкмөт башчыга да рахмат айтам. Кожомкул атабыздын урпагы катары чуркап жүрөм. Президентке кирдим, фондунан 400 миң сом бөлүп берди. Премьер-министр 300 миң, спикер 200 миң сом беришти. Калганын Суусамыр эли, Военно-Антоновкадагы суусамырлыктар чогултуп, ошону менен «көп түкүрсө көл болот» деп, мааракебиз өткөнү турат.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: