Menu

Видео – Жогорку Кеӊеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-июнда өткөн Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Башкы прокуратурасынын тыянагын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

Жыйын жүрүшүндө КР башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, корутундусунда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келгендигин билдирди.

Суроо-жооп маалында депутат Ирина Карамушкина экс-президентке коюлган айыптар боюнча иштер менен ошол кездеги башка бийлик жетекчилери, парламент дагы бир команда болуп иш алпаргандыгын айтып, алардын дагы жоопкерчилиги каралышы керек дейт. Депутат Мурадыл Мадеминовдун суроосунан кийин экс-президент статусу Жогорку Кеӊештин токтому менен алынат деген ченем тиешелүү мыйзамда бар экени белгилүү болду.

Депутат Карамат Орозова «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дагы, Бишкек ЖЭБи боюнча дагы маселелер Жогорку Кеӊеште каралып, тиешелүү чечимдер чыккандыгына токтолуп, бул жагдайда парламенттин кабыл алган чечимдери туура болбой калабы деген маселени койду.

Мындан сырткары, суроо-жооп жүрүмүндө «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча Ш.Атахановдун, көмүр маселеси боюнча А.Артыкбаевдин, А.Салянованын көрсөтмөлөрүнөн сырткары, башка дагы бышыктоочу фактылар бар экенин айтылды. Башкы прокурор Ө.Жамшитовдун айтымында, тергөө иштерине байланыштуу, ал маалыматтар азырынча ачыкталбайт. «Мындан сырткары, «Дастан» АКсына тиешелүү 2,7 га жер тилкесин алуудагы тиешелүү келишимдеги милдеттемелер аткарылган эмес. Маселе жер кандай менчиктештирилгендигинде болуп жатат»,- дейт Ө.Жамшитов.

Депутат Мирлан Жээнчороев өлкө “заказчыл” соттордун, “дежур” тергөөчүлөрдөн арылмайынча, кандай гана президент келбесин алар ажыдаарга айланарын баса белгиледи.

Суроо-жооп, талкуу жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 103 добуш менен кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: