Menu

Болотбек Ибраимжанов, мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы: “Инвестиция тартуунун практикасын Индиядан, Пакистандан үйрөнөлү”

Бөлүшүү:

– Болотбек Сапарбаевич, мигранттар менен түздөн-түз иштеген адис катары сиз кандай ойлойсуз, бул мыйзам канчалык керек?

– Бул маселе беш жылдан бери көтөрүлүп келатат. Убагында өкмөттүн программасына да кирген. Былтыр августта, мекендештер форумунда президентибиз Сооронбай Шарипович да демилге көтөрүп чыккан. Бул мыйзам долбоору негизинен биздин мигранттарга мекенине келип кетүүдө, медициналык кызмат алууда, жер мураскери статусун колдонууга чоң жардам берет. Ал биринчиден, чет жактардагы мигранттарыбыздын мекени менен байланышын чыңдаса, экинчиден, инвестиция тартууга чоң өбөлгө түзөт. Биздин жарандар чет өлкөлөрдөн окуп, тажрыйба жыйнап, иштеп, турмушун жакшыртат. Андан кийин Кыргызстанга келгенде да өгөйлөнүп калам деп коркпой келет. Бул биздин жаштар үчүн чоң стимул болот. Мындай практика Индияда, Пакистанда бар, иштеп жатат. Үлгү алалы…

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: