Menu

Сеул шаарында эл аралык «Import Good Fair» көргөзмөсү ачылды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын продукцияларын экспорттоо боюнча алдыга коюлган максаттардын негизинде Кыргызстандык компаниялар Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын инвестиция тартуу жана коргоо агенттигинин колдоосу менен «Import Good Fair» кɵргɵзмɵсүнɵ катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кɵргɵзмɵ 27-29 июнда Сеул шаарында ɵтүүдɵ. Кыргызстандык «Аман Гринфуд», «Дары Тянь Шаня», «Одно село – один продукт» и «Сан Планета» аттуу компаниялары ɵзүлɵрүнүн органикалык бал, джем, варенье жана башка буюмдарын кɵргɵзмɵгɵ коюшууда. Кыргызстандын павильону кɵрүүчүлɵрдүн ɵзгɵчɵ кызыгуусун жаратууда. Кыргызстандын боюмдарын кɵрүү убагында Кореянын импортерлор Ассоциясынын жетекчиси Кван Хи Хонго, Корея республикасындагы дипломатиялык корпустун жетекчилерине жана башка катышуучуларга Элчи Динара Кемелова Кыргызстандын органикалык продукциясынын ɵзгɵчүлүктɵрү жɵнүндɵ маалымат берди. Ошондой эле «Бир айыл – бир проект» аттуу демилгенин негизинде Кыргызстандын региондоруна жана айылдарына жардам кɵрсɵтүлүп жатканын айтты.

Маалымат үчүн: Кɵргɵзмɵнүн уюштуруучусу Кореянын импортерлор Ассоциациясы болуп эсептелет. Кɵргɵзмɵнʏ ɵткɵрүүгɵ жардам кɵрсɵткɵндɵр Кореянын соода, ɵндүрүш жана энергетика министрлиги, Кореянын инвестицияга жана тышкы соодага кɵмɵк кɵрсɵтүү Агенттиги жана Кореянын эл аралык соода Ассоцияциясы болук эсептелишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: