Menu

V Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалынын алкагында манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27- июнь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында V Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалынын алкагында манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтүп жатат.

Аталган сынак, чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таануусун бекемдөө, туруктуу коомдук чөйрөнүн болушун камсыздоо үчүн шарт түзүп берүү, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу милдети турат.

Бул сынак, манасчылыкты жана дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу жана мыкты манасчыларды жана дастанчыларды, мелдештин жеңүүчүлөрүн жалпы коомчулукка алып чыгуу максаттарын көздөйт.
Манасчылар мелдешине калктын 5 жаштан 25 жашка чейинки өкүлдөрү катышууда.

Дастанчылар мелдешине аталган өнөр жаңыдан жолго түшүп келе жаткандыктан катышуучулардын жаш мүмкүнчүлүгү чектелбейт.
Манасчылар жана дастанчылар мелдеши 2 айлампа менен өтөт жана жалпы байге фонду 400 000 миң сомду түзөт.
Учурда сынакка жалпы аймактардан келген 13 манасчы катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: