Menu

Доктурбай Кожогулов, Арашан айылынын аксакалы: “Атамбаевге барчу болсом, 5 миң сомго ташты ороп, элдин көзүнчө бетке чаап басып кетем”

Бөлүшүү:

Доктурбай ата, иниңиз экс-президент Алмазбек Атамбаев өз үйүндө айылдаштарын чогултуп, “Жогорку зонадагы 12 айылдын балдары өздөрү сизди коргойбуз деп келишиптир. Өзүмдү коргогонго күчүм жетет десем, көчөгө жатабыз дешти. Балдарды көчөгө жаткызмак белем…” деп сүйлөдү. Айылдаштарын чогулткан экен, айылдын аксакалы катары сизге чакыргандар келдиби?

– Түлөө өткөрүп, айылдагыларды чакырган экен, анча-мынча адамдар барышыптыр. Кош-Таштан, Ысык-Атадан, ал тургай Ысык-Көлдөн да келишиптир. Алар беш миң сомдуктар да. Башка ким келмек эле? Кечинде айылдын тургундары өзүбүз дагы чогулдук. Атамбаевдин үйүнө барышкандар дагы ошол жерге барышты. Менден кичүү аксакалдар, жаштар болуп 30-40 адам чогулду. Атамбаевдин айылы болгон Боз-Бөлтөктөн келишти. Мен эң аягында бардым. Босогону аттап киргенде эле башыма калпак кийгизишип, төргө өткөрүштү. Чогулгандардын баарына угуп тургула деп сөз баштаганымда, баары дың этпестен угуп олтурушту. Атамбаевдин Союз тарагандан баштап эмне кылып келатканын бирин калтырбай санап бердим. Бир тууганыбыздан артык мамиле кылганыбызды айттым. Эң биринчи Чоң-Ташта заводдон 11 автобус орустарды алып келип, митинг өткөргөн. Анысы анча болгон эмес. Кийин Кантка миңден ашык элди чогултупкан. Мен орустар менен сүйлөшүп, сүйлөп жаткан Атамбаевге орус тилинде “Сенин колуңдан эмне иш келерин ачык айтпайсыңбы?” деп кагазга суроо жазып жөнөткөм. Колуна ошол кагаз тийгенде “Эгерде мен президент болсом, жумушу жок тентип жаткан кыргыздын баарын Кыргызстанга кайтып алып келем. Завод, фабрика салам” деп айтты. Чогулган айылдаштарга ушул чын беле?-десе, “Чын, ушинтип айткан” дешти. Айылдын борборунда 7 жылкы союп, элдин баарын чакырып Курултай өткөргөндө Бекназаров баш болуп колдоп жүрүшкөн. Ошондо дагы баарыбыз колдошубуз керек деп чуркап жүргөнүбүз чын беле?-дедим.

Олтургандардын баары “Чын” деп жооп беришти. 7-апрелде 89 бала ким үчүн өлдү? Мен аксакал башым менен камалып жаткан Атамбаевди бошоткула деп спецназдар менен кармаштымбы? Баары “Аксакалдын айткандары чындык. Бул киши эч качан эки сүйлөбөйт, бир гана жолу чындыкты айтат” дешти. Атамбаев жаңы эле президент болгондо, Воронцовкада ооруканада жатсам, бул жактагылар айылдаш инибиз президент болду, барып коёлу дегенде макул болгом. Чогуу баргандардын арасынан Турусбек деген жигит каза болуп калды. Атамбаев менен бир уруудан болчу. Ошол жигит алып барган. 3 аял, Турусбек, мен болуп бешөөбүз барганбыз. Корридоруна киргенде Фарид Ниязов киргизбей койду. Эмне үчүн киргизбейсиң? – деп сурасак, “ Өзү менин айылымдан келгендерди киргизбегиле, сурай берет деген” деп айткан. Чогулган айылдаштарга ушундай болгон, кызматта турганда айылдаштардын кереги жок болуп калган. Эми ага айылдагылар керек болуп калдыбы? Эгерде мен калп айтып жатсам чогуу барган Катя, Соня арабызды жүрөт. Ошолордон сурагыла десем, “Ал окуяны укканбыз” дешти. Ага элдин кереги жок болсо, бүгүн эмне үчүн элдин аркасынан чуркап жүрөт? Элди үйүнө эмнеге чакырат? Олтургандарга “Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын өлөт” болуп, эл кырылып жатат, кырылган элдин баркына Атамбаев жеттиби(!), өлгөндөрдүн ата-энеси, бала-чакасы калды, бул эл үчүн эмне иш айткарды, ойлонгулачы? Өзүн бийликке алып келген Баатырларды “алкаштар” деп айтты, бул сөзүн уккан жоксуңарбы?- дедим эле, “Уктук, бул дагы чын” деп айтышты. Анда аны эмнеге ээрчип жүрөсүңөр? Бир чымчым эт үчүн ээрчип жүрөсүңөрбү? Президент болуп туруп, Нарынга барганда нарындыктарды “малсыңар” деп айтты беле? Эртең мунун колуна дагы бир нерсе тийсе кыргыз элин эмне деп айтаарын билесиңерби?-десем, унчугушпайт. Маңкурт деп айтат! Ушуну ойлобойсуңарбы?! – дедим. Атамбаевди ээрчигендердин баары “Бул аксакалдын айткандарынан биз эч жакка чыга албайбыз. Айткандарынын баары чындык” деп ошол жерде баш ийип беришти. Түнкү саат бирде тарадык.

– Жаштар кандай ойдо калышты?

– Айылдын белдүү жаштары дагы өзүбүздүн жыйынга барышкан. Алар дагы менин сөзүмдү туура деп айтышты. Кетип жатканда “Арашан айылыбыздын босогосун кармап турган балдарыбыздын тилеги бек, өмүрү узун болсун. Бир күндүк нанга кызыкпай ушул балдарга жардам берели. Биз элбиз, эл ынтымакта болсо, душмандар өзү эле жоголот. Ынтымакка келели, жамандын артынан ээрчибейли” деп бата бердим. Балдардын баары ушул сөзгө уюду. Менин билишимче биз тараптан эч ким көчөгө чыкпайт. Сураштырсам, Атамбаевдин үйүнө Кой-Таштан деле эл жыргап барбаптыр. Арашан айылынан барган бир кемпир эртең менен ушул жерге келип калыптыр. Ошол кемпир “Мен да бардым. Эл тамак-ашын жеп, сүйлөшүп олтурушту. Мындай чыкканда эле кайра Атамбаевди жамандап башташты” деп айтты. 8-июнда “Форумда” элди чогултпадыбы. Ошол күнү шаарга түшкөм. Үйгө кайтканда чогулган эл тарап жатканда маршруттук автобус менен ошол жерге келип калыптырмын. Мен тааныгандар автобуска түшө башташты. Ал жерге эгерим Атамбаевдин үйүнө барбагандар барыптыр. Менин да бир иним барып калыптыр. Инимди тигилердин көзүнчө Атамбаевдин мантысын жегени же 5-10 миң сомуна келдиңерби, Атамбаевди көрбөй жүрдүңөр беле же сагынып калдыңарбы деп соктум эле, аны менен чогуу автобуска чыгышкандар айлампага келгенде түшө качышты. Бекер акча алгандар такси менен кетет чалкалап деп койдум аларга.

– Сизди такыр чакырган жокпу?

– “Форумга” барып жаткандардан “Келсе, сүйлөшсөк жакшы болот эле” деп 2-3 жолу айттырган. Ошол адамдарга мен барат бекем, өзү келсин! Менин дарегимди билбейт бекен? Мен кадам басып бара албайм деп койгом. Эгер Атамбаевге барчу болсом, 5 миң сомго ташты оруп, элдин көзүнчө бетке чаап басып кетем, ошондо тамашаны көрөсүңөр дегем. Өткөн жума күнү айылдагы балдар келишип “Эртең түлөө өткөзөт экен, элди чакырып жатат. Биз дагы барып, ачуу чындыкты айталыбы?” деп келишкенде, түлөө өткөрүп жатса тим эле койгула, түлөө өткөзүп жатсам, минтип баса калышты деген сөз чыгарып, өзүбүздү жаманатты кылат деп балдарды жибербей койдум.

Арашан айылынын аксакалдары чогулуп, кеңеш кылган экенсиңер. Атамбаевди колдоп коёлу деген бирөө дагы болбодубу?

– Аксакалдардын баары менин айткандарымды туура көрүштү. Атамбаевдин түлөөсүнө баргандар ал жакта эч кандай сөз болгон жок, тамагын беришти, андан кийин тарап кеттик деди. Кечээ өзүбүздүн жыйынга баргандардын үчөө-төртөөсүнө Атамбаев жаңы үйүн салып бүтөйүн деп калганда, бул өзүнө түрмө салып жатат деп айттым эле. Ошол кишилердин бирөөсү Атамбаевдин үйүнө барган экен, “Мунун илгери эле айткан сөзү чын экен. Атамбаев өзүнө түрмө салып алыптыр” дейт. Азыр камалгандар түрмөгө батпай кетти деп жатат, алардын баарын Атамбаев салган түрмөгө алып келсе даяр турат, 500 адам кенен батат деп койдум.

– Сиз үйүңүздү оңдоп жатыптырсыз. Атамбаев өзү өлкөнү башкарып турганда үйүңүздү өзүм салып берем дегенин айтпадыңыз беле. Элге окшоп, аны менен жакшы болуп, азыр үйүңүздү оңдоп албайсызбы?

– Атамбаев өзү “Шаардан үй алып берем же болбосо ушул жерге үй салып берем” деп айтканы чындык. Мен ага үй салып бер деп суранган да эмесмин. Азыр үйүмдү оңдоп алайын деп барат белем, мага анын кереги жок. Андай алдамчыга түк жолобойм. Болбогон нерсе үчүн өзүмдүн абийиримди кантип сатам? Андайга барбайм. Буга бара турган болсом, ошол күнү эле чуркап келип жардам берет. Кантип сүйлөшсөм экен деп көзү учуп турат. Азыр эл Атамбаевге караганда менин тилимди алат. Болгон чындык менен жүрсөң эл дагы сыйлайт.

– Кокус, экс-президент камалып калса Арашан айылынын коргоп чыгышат да? Кантип чыкпай коёт эле?

– Чыкпайт, чыгарына ишенбейм. Арашандан 5-6 адам, Кой-Таштан2-3 адам чыгышы мүмкүн. Мыктап чогултса 50 кишини топтойт болсо керек. Ага деле ишенбейм. Арашандан жок. Бул кемпирлерди чогултуп алат. Атамбаевди эл колдойт деп алдап жаткандар айылдардагы он башы, жүз башы болгондор. Ошолордун айтканына ишенип, эл колдоп алат деп ойлоп жатат. Чындыгында абалы оор. Элди дүрбөтпөй өзүнүн ак экенин соттон далилдеп албайбы дейм да. Күнөөлүү болсо муну түрмөгө олтургузбай эле, мамлекетти канча карыз кылса, ошону төлөтүп коё бериш керек. Ошондо туура болот.

Маектешкен Н. Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: