Menu

Казакстан: Арыс шаарынын жашоочулары үйлөрүнө жөнөтүлөт

Бөлүшүү:

Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев 27-июнда Шымкенттин “Акмешит” мечитинин жанында чогулган арыстыктарга кайрылып, алар 28-июндан тарта үйлөрүнө жөнөтүлөрүн билдирди.

“Мен премьер-министр жана коргоо министри менен сүйлөштүм. Таңкы саат сегизде бул жерге (Акмешитке) автобустар келет”, — деди Шукеев.

Аким ок-дарылар сакталган камадан алыс жерден турак-жай жана жер тилкелерин берүүнү сураган арыстыктардын суроолоруна жооп берип жатып, жарылуу болгон аймакта радиация коркунучу жок экенин айтты:

–Арыста эч кандай радиация жок. Сиздерге (Арыста) үй салып беришет. Анан аны сатасыңарбы-жокпу өзүңүздөр чечесиздер.

24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жашоочулар калаадан шашылыш түрдө чыгып кетишкен. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн.

27-июнда арыстыктар Шымкентте нааразылык акциясын өткөрүп, жарылуу болгон шаарда жашабай турушканын айтып, башка аймактардан турак-жай, жер тилкелерин берүүнү талап кылышкан.

Расмий маалыматтар боюнча Арыстан Шымкентке 26 миң адам убактылуу көчүрүлгөн. Алардын көбү мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.

Жарылуудан үч адам ажал тапты. 160тан ашуун киши медициналык жардам сурап кайрылды, алардын теңи ооруканага жаткырылды. Бир нече адамдын абалы оор.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: