Ашхабад мектептеринин ондогон бүтүрүүчүлөрү орто окуу жайды аяктагандыгы жөнүндө аттестаттарды алуу аземине катыша алган жок.
Бийлик аттестат тапшыруу аземине чейин айрым балдарды аскерге кызмат өтөөгө алып кеткен.
Маалыматтарга караганда, быйыл Түркмөнстанда аскерге чакыруу чаралары күчөтүлдү.
7-июнда жаңы гана мектепти бүткөн балдар армияга чакырылып жатканын кабарланган. Жазгы аскердик чакырыкка жетишүү үчүн аскер комиссариаттары мугалимдерден бүтүрүү сынактарын тездетүүнү талап кылган.
20-мартта Түркмөнстанда жазгы аскерге чакыруу башталган. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгына ылайык, 18 жашка толгон жарандар армияда кызмат өтөөгө милдеттүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ