Menu

“Астана Опера” Назарбаевдин урматына опера коюларын четке какты

Бөлүшүү:

Нур-Султандагы “Астана Опера” театры Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин урматына опера коюлат деген маалыматты төгүндөдү.

6-июль – Астана күнү менен Назарбаевдин туулган күнү. Ал 79 жашка чыгат. Театрдын кабарлашынча, Алматыдан келген Абай атындагы опера жана балет театры Россининин “Золушка” операсын коет.

Буга чейин КазТаг маалымат агенттиги жергиликтүү журналист Асем Жапишевага шилтеме берүү менен “Астана Опера” 6-июлда Нурсултан Назарбаевди мактап-жактаган “Күн желеси менен нурланган жол” аттуу оюн көрсөтөрүн кабарлаган.

Жапишова 25-июнда Фейсбуктагы баракчасына пост жарыялап, театр артисттери “Назарбаевге арналган операда ырдоодон баш тартышканын, театр жетекчилиги алардын жумуштан бошотуу жөнүндө эскертүү бергенин” жазган.

“Астана Операнын” басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, бирок театрдын көркөм кеңешине “Күн желеси менен нурланган жол” аттуу партитура түшкөнүн, чыгармачыл топ аны менен таанышып жатканын тастыктады.

Казакстанда 6-июль – Борбор калаа күнү. Ал биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келет. Назарбаев быйыл кызматын тапшырып бергени менен бийликтен толук четтеген эмес. “Улут лидери” өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: