Menu

Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Батукаевдин артында Атамбаев турары мен үчүн белгилүү болгон”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты:

– Батукаев боюнча комиссияда мен да мүчө болгом. Комиссиянын жыйынына УКМКнын ошол кездеги башчысы Болот Жунусовду чакырып, мен бир нече ыңгайсыз суроолорду бергем. Жунусов чуркап Атамбаевге барган экен, Атамбаев мени чакырып алып, экөөбүз өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмөнүм тараган. Бул иштин артында Атамбаев турары мен үчүн белгилүү болгон. Башкы прокурордун, вице-премьердин, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын же соттордун колунан келе турган иш эмес болчу. Мындай ишти бир гана президент чече алат. 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы жемкорлукка каршы уюштурган митингде сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев:

– «Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгарыш үчүн акча сураган» дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат, – деген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: