Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чараларды талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы биллдирди.

Учурдагы жыйынтыктар, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын аякташы менен Өкмөт кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Президент аймактык өнүгүү, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискализациялоо жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

Коопсуздук кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй  жатканын айтты.

Мындан тышкары,  Россия, Кытай, Индия, Германия тараптары менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо маанилүү экендигин өзгөчө баса белгиледи.

Муну менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү керектиги эске салынды.

Мындан тышкары  райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

Ошондой эле Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отурумунда бизнес өкүлдөрү тарабынан бир катар маселелер көтөрүлгөн. Алардын чечилиши Өкмөткө жүктөлгөн. Аткаруу бийлиги  тарабынан иш-чаралардын так планы түзүлүп, аны ишке ашырууга бардык чаралар көрүлүшү керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. «Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган мыйзам демилгелеринин бардык пакетин колдоп бергенин билдирди.

Өкмөт башчысы ошондой эле бюджеттин корголгон беренелерин өз мөөнөтүндө каржылоо боюнча аткаруучу бийликтин органдарынын ишмердигинин актуалдуу багыттары, инфраструктуралык өнүгүүнүн долбоорлорун ишке ашыруу, агроөнөржай комплекси ж. б. жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министр Президент  көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: