Menu

Атамбаев провокация кылууга даярданып жатабы?

Бөлүшүү:

Кечээ экс-президенттин кол тийбестиги алынгандан кийин коомчулукта ар кандай сөздөр айтыла баштады. Баягы Эмилбек Каптагаев айтмакчы «шымын булгаган колун аябайт» болуп, Алмазбек Атамбаев өзунө тиешелүү имаратты өрттөтүп, провокация жасоого даярданууда деген сөз тарады. Шумдугуң кургур. Алмазбек Атамбаев жана анын «шайкалары» өлкөгө чоң чатак салуунун айла-амалын издеп, түркүн-түстүү жолдорду изилдеп жатышат.

Мындай чатакты баштоо үчүн Атамбаевге тиешелүү имараттардын бирин өздөрү өрттөшүп, аны бийликке шылтап, ушундай провокациянын арты менен урушту баштап жибергенден кайра тартпай турган кези да.

Канткен менен кыргызстандыктар акыл калчап иш кылып, провокацияга алдырбай, тынчтыкты сактоо баардыгыбыздын милдетибиз. Ар кандай саясий күчтөрдүн ыплас провокациялык оюндарына да алданбай, анын артынан ээрчибей, биримдик, ынтымакты көздүн карегиндей сактайлы туугандар!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: