Menu

Кремль Атамбаев тууралуу так кесе жообун айтты

Бөлүшүү:

Камактан кутулуунун аргасын таппай жанталашып жаткан Алмазбек Атамбаев Москвадан «үн» чыкпаганына катуу ызаланып, «Апрель» телеканалы аркылуу өткөн аптада Грузиядагы окуянын шарданында Россияны үстөкө-босток соктуруп жиберген. Анан эле эски адаты менен өлүмүштөн-талымыш, өпкөсүн сууга малымыш болуп, Кой-Таштагы тарапташтары менен жолуккан учурда: «Батукаевди туура эмес чыгып кетиптир, кайра кайтарып бергенге жардам кылыңыз деп мен Россия президенти Путинге кат жүзүндө да, оозеки да кайрылгам. Бул боюнча урматтуу Путин дагы үн катат чыгар» деп көзүн жалдыратып жибергенине күбө болдук. Колдоп койсо деген акыркы үмүтү менен кайрылганы баарына эле байкалып турду. Бирок, кыргыз журту тургай орус туугандар дагы бул Атамбаевден көңүлү иттей калган экен, кол тийбестик парламент тарабынан алынары менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков расмий түрдө чагылгандай билдирүү таратып: «Кыргызстандын экс-президентинин кол тийбестигин алып салуу ал өлкөнүн жеке иши. Биз ага кийлигише албайбыз жана кийлигишүүгө кымындай да ниетибиз жок» деди. Мына ушинтип Кремль мурунку президент тууралуу так кесе жообун айтты…

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: