Menu

Укук коргоочулар Европа реконструкция жана өнүгүү банкын Түркмөнстанга колдоо көрсөтпөөгө чакырды

Бөлүшүү:

Адам укуктарын коргоо тармагында иш алып барган эл аралык уюмдар Европа реконструкция жана өнүгүү банкына кайрылып, Түркмөнстанга колдоо көрсөтпөөгө үндөштү.

“Хьюман Райтс Вотч” (HRW), ”Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” (IPHR) жана “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” (ТИПЧ) уюмдарынын биргелешкен билдирүүсүндө адам укуктары тармагында чындап жылыш болгонго чейин мамлекеттик секторлорго насыя берүүнү чектөөнү суранышкан.

“Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” уюмунун жетекчиси Фарид Тухбатуллиндин айтымында, Европа банкы өлкөдө ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканына көңүл бурушу керек:

– Бизнесмендердин байлыгын, дүкөндөрүн, үйлөрүн тартып алып жатышат. Ашхабадда жашап же иштемек тургай, өз автоунааң менен ээн-эркин келе албайсың.

Бир нече жылдан бери түркмөн ишкерлери бизнес жүргүзүүдө, анын ичинде валюта конвертациялоодо тоскоолдуктарга кабылышууда. Акыркы айларда өлкөдө жеке ишканалар жана кеңселер жапырт түрдө жабылууда.

Тухбатуллиндин билдиришинче, азыркы кайрылуунун максаты – эл аралык уюмдарды Түркмөнстандагы адам укуктарынын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: