Азыр Атамбаевдин башына оор мүшкүл түшүп турат. Ким колун сунат деп көзү карайлап турган чагы. Бийликте турган кезде каршылаш деп эсептеп, куугунтуктаган саясатчылар менен дагы тил табышканга аракетин көрүп жатат.
Парламент экс-президент макамынан ажырата электе, өзүнө карата эч кандай кылмыш иши козголбой жатып, дүрбөлөңгө түшүп, Кой-Таштагы короосуна КАМАЗдап таш төктүрүп, тосмолорду коюп, согушка даярданып жаткандай болгон күнү, Арашан айылынын аксакалдары, элге сөзү өтүмдүү болгон жигиттер чогулуп, Ынтымак чайын уюштурушту. Ынтымак чайына баргандар Арашан айылында тынчтык болсо, эч кандай дүрбөлөң чыкпаса, жаштар Атамбаевдин азгырыгына кирип кетип, ызы-чуунун үстүнөн чыкпаса деп элди ынтымакка чакырышты. Атамбаев ак болсо, айылдагы элди тополоң кылбай мыйзам жолу менен соттон далилдеп алсын деген пикирге токтолушту. Бир адам деп айылыбыздагы ынтымакты жоготпойбуз, президент болгон киши элди бөлгөнү уят иш, бизге ынтымак баарынан жогору. Ар ким өз колу менен жасаган иш үчүн өзү жооп берет дешти. Эгер Атамбаев ызы-чуу сала турган болсо, арашандыктар ага кошулбай турганын айтышты. Демек, Атамбаевдин мыйзамсыз аракетин өз айылы дагы колдоого албайт эми.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ