Бүгүн, 2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы/Элчиси Эдуард Ауэр менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Европа Союзунун чет өлкөлүк иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү ФедерикаМогерининин жана эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европалык Комиссар Невен Мимицанын Кыргыз Республикасына боло турган сапарларын, ошондой эле ушул жылдын июлунда КРда пландалган ЕС-БА Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусун талкуулашты.
Министр Ч.Айдарбеков Ф.Могерининин КРга боло турган сапарынын жүрүшүндө тастыкталуусу пландалган КР менен ЕСтин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
ЕСтин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Э.Ауэр Ф.Могерининин КРга боло турган сапарынын жүрүшүндө ЕС-БА биринчи экономикалык Форумун уюштурууга даярдыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Форумдун ишинин жүрүшүндө жакында кабыл алынган ЕСтин Борбордук Азия боюнча стратегиясы көрсөтүлөрүн белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ