Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин, ишмердүүлүгүн жаңылатуу жана жакшыртуу максатында 2019-жылдын 3-июнунан 28-июнуна чейин “Шумар” атайын багыттагы полкунун базасында инженер саперлорду окутуу боюнча курс аяктады. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.
Катышуучулар бир айдын ичинде кесиптик сапаттарын жакшыртуу жана жаңылатуу масатында тажрыйбалуу окутуучу инструктор, запастагы полковник Бухов Владимир Яковлевичтин алдында теориялык жана практикалык жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүп, эл жашаган жана ачык аймактарда инженердик чалгындоо тактикасын изилдөөнү жана жардыргыч заттарды жок кылуунун методикасын туура колдонууну жана күтүлбөгөн учурда колдо жасалган жардыргыч заттарды жок кылууда коопсуздукту сактоо эрежелерин туура колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги А Султаналиев мындай окуу ар бир кызматкердин кызматка болгон милдеттерин жана кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып күтүлбөгөн тамшырмаларды аткарууда чечкиндүү иш-аракет кылууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Окуу курсун аяктагын кызматкерлерге сертификатар тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ