Menu

Эмил Каптагаев: “Алмаз Шаршенович, сиз бүгүн Кыргыз мамлекети менен атышканы жатасыз, мамлекеттүүлүктүн тамырын кыйганы жатасыз..”

Бөлүшүү:

Алмазбек Шаршенович,

Бешенеңизге жазылган экен, ошол учурдага кырдаалдын ыңгайы келди – мамлекет башына турдуңуз, 2011-жылы Президент болуп шайландыңыз. Бирок, муну ачык эле айтуу керек, сиз мамлекет башчысы, журт атасы деңгээлине алты жылда чыга алган жоксуз, ошондой бийик даражага инсандык парасатыңыз жете албады, тилекке каршы. Көрпенделик кылдыңыз. Жеке кызыкчылыктын, жеке таарынычтын, кекчилдиктин, өзүм билемдиктин алкагынан чыга албадыңыз, акыры келип мына ушулардын курмандыгы болуп отурасыз. Сыртыңыздан эр жүрөк, айкөл көрүнүүгө аракет кылганыңыз менен, ичиңизден тааруу айланбаган майдачыл экениңизди, мүнөзүңүз алакөөдөн, алакачма экенин турмуш далилдеди. Бүгүн дагы сиз Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечеги үчүн күйүп-бышкан жоксуз, сиз бүгүн жеке ичкүйдүлүктүн жетегинде жүрөсүз… жеке кызыкчылык үчүн жакындарыңыз эле эмес бүтүндөй өлкөнү садага чабууга даяр экениңизди көрсөтүп жатасыз…

Азыр кайра-кайра “…атышып жатып өлөм…” – деген кыяздагы сөздөрдү айтып жатасыз. Алты жыл эл башкарган кишинин айта турган сөзүбү ушул?

Жок, бул сөз “көчө балдарынын” сөзү… Сиз ошол “көчө балдарынын” же мындан бир кылым мурда өткөн басмачы-каракчылардын деңгээлине түшүп алдыңыз …

Бул сөз сырттан жоо чаап, кыйырды басып душман келсе айтылса туура болмок…эрдик катары бааланмак… Азыр ким менен атышканы жатасыз деги? Кайсы душман, кайсы жоо менен атышканы жатасыз… ?

Сиз бул сөзүңүз менен өзүңүздү мыйзамдан сырткары чыгарып жатасыз, коомду башаламандыкка, туңгуюкка түртүп жатасыз…

Сиз бүгүн Кыргыз мамлекети менен атышканы жатасыз, мамлекеттүүлүктүн тамырын кыйганы жатасыз…эгер түшүнсөңүз.

Сиз бүгүн Эгемендүү Кыргыз Республикасын тааныбайм, тааныгым да келбейт деп жатасыз, түшүнгөн кишиге.

Жоругуңуз жолдо калсын, Алмазбек Шаршенович!

Ойлонуңуз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Мамлекет сизге керек болбой калса – бизге керек! Келечек сизге керек болбой калса – элге керек!

Коомду өзүңүздүн жеке ичкүйдүлүгүңүздүн, жеке таарынычыңыздын барымтасына айлантам деген жосунсуз жоругуңузду токтотуңуз!

Эмилбек Каптагаев, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: