Menu

Экс-генпрокурор Аида Салянова ооруканадан кайра абакка которулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-июнда экс-генпрокурор Аида Салянованы ооруканада текшерилип, дарылануудан кийин кайрадан абакка которулду. Бул тууралу КР ЖАМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Аида Салянова Бишкектеги М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланып жаткан. Кечээ ал Бишкектеги N1-СИЗОго жеткирилди.

21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованы тергөөнүн өтүнүчү менен 26-августка чейин Бишкектеги N1-СИЗОго 2 айга абакка калтырган.

Аида Салянова генпрокурор болуп турган кезинде, 2013-жылы апрелде, адам өлтүрүүнү уюштуруу беренеси менен 16 жылга кесилип кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн 8 жыл эрте, мыйзамсыз бошотуп жиберүү кылмышына катышкан деп айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: