Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “”Чабал өрдөк мурда учат” болуп Алмаз Атамбаев үйүнө бетон тосмо, короосуна таш түшүрүп, колдоочуларын дүрбөтүп, чаң-тополоң болуп жатат”

Бөлүшүү:

“Саман” деле учкан жок. “Сансыз жоо” да көрүнбөйт.
Тынчтаналычы. Байкасам өтө эле ашыкча кетип, мына мына эл тирешип жаңжал чыгуучудай демиккендер бар. Анчалык эч нерсе деле болгон жок. Түшүнгөн адамга мамлекет демейдеги ишин мыйзам жолу менен алып баратат.”Чабал өрдөк мурда учат” болуп А.Атамбаев эмнегедир үй айланасына бетон тосмолорду түшүрүп жол тосуп, короосуна таш түңшүрүп, айрым өзүн колдогондорду дүрбөтүп өзүнчө эле “Ээриккен катын орсок уй саайт”- дегендей чаң-тополоң болуп жатат.
Чыныгы иш кандай жол менен баратат? А.Атамбаевди ЖК экс-Президент деген макамынан ажыраткандан кийин Генпрокурор кылмыш ишин козгойт. Кылмыш иши ачылгандан кийин тергө тобу түзүлөт. Анан АШАга чакыруу жөнөтүлөт. Келбесе кайталап жөнөтүлөт.Дагы келбесе кылмыш ишине кошумча кылмыш ачылат да ошол аймактагы бөлүмдүн милициясына “кылмышка шектүүнү” барып алып келүү тапшырылат. Милицияга “барбайм”-деп каршылык көрсөтсө кылмышына дагы кылмыш кошулат.Ошентип бул прцесс бери дегенде эки-үч айга созулат. Анан барып Генпрокуратура чечим кабыл алат. Ал чечим кандай болот али белгисиз.
КР Генпрокурору Өткүрбек мырза мыйзамды жакшы билген өз кесибинин профессионалы экени көрүнүп турат. Шаша турган эч нерсе жок. АША коросунан чыкпай колдоочулары менен улам бука союп жеп жата беришсин.
Кааласа “Ватикан курам”- деп өз мыйзамдарын чыгарып короосунун ичинде тайраңдасын. Өзү билет. Азыр АША ойлогондой беткап кийип, автомат асынган балдар дүпүрөп үйүнө кирип барбайт. Антүүнүн кажети деле жок. Тагы азырынча антип АШАга күч көрсөтүүгө мыйзам да жол бербейт.
Мыйзам жол берүүчү чегине жеткенде ошондой болушу мүмкүн. Бирок ага али кө-ө-өп бар.
Ал ортодо айрым аксакалдар чогула калып “Эки дос элдешкиле”- деп чыгышты. Эми аксакалдар өз түшүнүктөрүндө жакшы тилек кылып эл камын ойлошууда. Аларды деле туура түшүнүү керек. Ал аксакалдарыбыз мамлекет жана мамлекеттүүлүк дегенди түшүнбөй коммунисттик доордо өсүшкөндөр. А.Атамбаев менен Президент С.Жээнбековдун ортосундагы жеке мамилени сөз кылуу мезгили эчак өтүп кеткен. А.Атамбаев бүгүн бир нече оор кылмыштарга катыштыгы бар деген катардагы шектүү жаран. Президент андай бир нече оор кылмыштарга шектүү деген адамдын кылмыштарын жокко чыгарып ишти жапкыла деп КР Генпрокуроруна көрсөтмө берүүгө акысы жок. Антсе өзү кылмыш кылган болот. Керек болсо андай кылмышка шектүү адам менен Президенттин жолугушууга да акысы жок. КР ЖКи кылмышка катыштыгы бар деп экс-Президенттик макамынан ажыраткан адам менен Президент жоолугуп чайлашып отурса кандай болот? Дүйнөнүн башка кайсыл бир мамлекетинде мындай практиканын болгонун укпаптырмын. Демек биздин эки досту ынтымакка чакырган аксакалдар мамлекеттүлүк деген принципти али түшүнүшө элек.
Эгер биз мамлекет катары өнүгүп өсөлү десек таза укук талаасына түшүп мыйзам диктатурасын орнотуубуз керек. Мыйзам астында кайырчыдын баштап Президентке чейин бирдей жоопкер болгондо гана биз өнүгүп өсүп, мамлекеттүүлүгүбүз бекем болот. Мыйзам эч убакта “Буйлалаган төө” болбошу керек. Ушуну түшүнөлү.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: