Menu

Фото – Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Чуй областынын Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы Кожомкул баатыр кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун белгиледи.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Президент Баатырды эскерип, күмбөзүнө барып, куран окуду, андан кийин Каба уулу Кожомкулдун архивдик материалдары жана жеке буюмдары сакталган үй-музейине барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков үй-музейге кыргыздардын тарыхын чагылдырган «Кыргыздар» китебинин томдорун, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалар топтомун жана улуу жазуучу менен Айкөл Манастын элестери түшүрүлгөн сүрөттөрдү белекке берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: