Menu

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кыргызстанга ким кыянаттык кылса өзгөчө адам экенине карабастан, ал жоопкерчиликке тартылышы керек”

Бөлүшүү:

—Тазабек Икрамович, Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун экс-президент тууралуу билдирүүсүн канчалык деңгээлде негиздүү деп айта аласыз?

—Башкы прокурор мыйзамды мыкты билген адам. Демек, эч качан адашпайт деп ойлойм. Болгону Жогорку Кеңеш өзүнүн милдеттерин толугу менен аткарды. Эгерде биз экс президенттин баардык иштерине мыйзамдуу баа бербей, унчукпай олтуруп алсак, эл бизди кечирмек эмес.

—Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта бир нече кишини чогултуп алганы анын аргасы кеткендигинен кабар бербейби?

—Айла кеткендеги кадам десек жаңылышпайбыз. Эгер ал мыйзамды сыйлаган адам болсо, эл аралык деңгээлдеги күчтүү жактоочулар менен ак экендигин далилдесе болмок. Али да кеч эмес.

—Ал парламенттин дарегине да сын айтып, алардын сотуна барбайм деди. Парламентти өзү алып келбеди беле?

—Алып келсе СДПКнын ичиндеги азыраак добуш ала албагандарын алып келгендир. СДПКнын ичинде дагы эң көп добуш алгандар бар. Башкаларыбыз өз күчүбүз менен элдин тандоосуна ээ болуп келгенбиз. Бизди жеке менчик ишканасына ишке алгандай башкарууга, каалаган сөзүн айтууга акысы жок эле. Биз элге гана баш ийебиз. Парламентти сындаганча, өзүнүн камын ойлосун! Анан бир нерсени унутпасын, соттор биздики эмес, Кыргызстан деген мамлекеттики. Кыргызстанга ким кандай кыянаттык кылса ал «өзгөчө» адам экендигине карабастан жоопкерчиликке тартылышы керек…

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: