Menu

Карга

Бөлүшүү:

Учурдагы чоң кылмышы боюнча өзү такалаарда жарга, митинг уюштура коюп табуу үчүн эптеп бир арга, дарактын бутагында “каркылдап” сүйлоп жатты мурунку президент карга:

– Ка-ак! Ка-ак! Келип калдыбы дейм революция жасай турган чак. Эмнеси болсо да жүргүлө сак! Жаңы бийлик эптеп эле шылтоо таап, болбогон жерден жалаа жаап, коррупция деген беренеге такап, таптаза айбанаттарга тандалма күрөш жүргүзүп жатат. Кээ бирөөлөрү менин дагы фамилиямды жиберишти атап. Ошонун кесепетинен турган кезим даамдуу курттарды жакшы чокуп жей албай какап-чакап. Кыйын болсо, менин айыбымды ачсын. Мен деген, серовна, акмын! Издеп жүрүп тезегинен аттын, миллиондорду маңдай терим менен таптым. Бул бүркүттү асмандан түшүрбөй 24 ай бактым. Ал бийикте, мен төмөнүрөөктө канат кактым. Мөөнөтүм бүткөндөн кийин менин кылмышымды жашырып жүрөт деген зор үмүт менен президенттик курду буга өзүм тактым. Андан көрө ишеним көрсөтсөм болмок экен башкага. Мунуң мени таптакыр кылып маскара, көрсөтүп бүтмөй болду капкара. Буга кандай дейсиң, Таскара?

– Туура айтасыз, аксакал! Бүркүтүң жеткен неме экен нахал!

– Бу кысыталактын баласы, чамасы, жукпасын билбейт окшойт мага жабыштырган жалаасы. Эх, карачы!.. Көнбөй коюптур элдешейин деп жиберсем да араачы. Башында жоош көрүнгөн бүркүт, эми менин өзүмдөй аппак кадрларымды четинен жатпайбы бүркүп. Уурулук эмне экенин билбеген өтө честный келемишти дагы кечээ темир торго киргизиптир прямо көчүгүнөн түртүп. Аңын кесепетинен далай чычкандын көз жашы акты, бая күнү койлорду жеген деген жалган жалаа менен таптаза жүргөн, боорукер, аябай назик карышкырды канаты монен жерге жаткыра чапты. Андан кийин эч бир күнөөсүз кузгунду жегич деп тапты. Куулукту билбеген бала кыял түлкүнү капканга түшүрүп, дайыма жакшы жаңылыктарды “шакылыктап” эки жакка ташыган сагызганды дарактын башынан ыргыта атты. Айрыкча, мени капкара дегени жаныма батты.

Үндөр:

– Ом-ме-ей,сиз аппаксыз!

– Сизге шарт түзүлсө, сулуулук салонун ачмаксыз.

– Керек болсо, булбулга конкурент болуп “каркылдап” ырдап жатмаксыз.

– Тазжоруну эмес – бүркүттү бийликке сүрөгөн өзүңүз акмаксыз!

– Чындыгында, аппак канаттуу жок го сизден өткөн. Ошон үчүн президент болуп турган кезиңизде сиздин көчүгүңүздөн өпкөм.

Андан кийин бүркүттү жамандоо уланды. Өтө орой сөздөр ого бетер чубалды. Карга кыйкырганда көчүгүнө күч келип, тим эле “тууп алды”.

Иттей нервденген карганын кабагына кар жаап, аябай тантык болсо ар бир сөзүн туура деп таап, айланасындагылар турушту кол чаап. Эчак эле алжып калбадыңыз беле дей албады эч кимиси даап. Бийликте турган кезинде башка аймактын жаныбарларын дагы жүрбөдү беле бул карга тили менен каап. Ошонун кесепетинен коңшу токойдун башчысы койгон болчу чек арасын жаап.

“Акты ак – караны кара дейм” деп дайыма өзү айтып жүрсө да өзүнүн кара экенин билбей, бүркүттү уят сөздөр менен тилдей, экс-башчы ого бетер элирип, сүйлө жатты эмоцияга берилип:

-Мынтип олтурган бийлик кете албайт алыс. Эч ким жок эле го чөөдөн өткөн калыс. Ал байкуш бүгүн камалып жатат бут шилтей албай карыш. Ошон үчүн керек намыс! Айтор, аябай көптү бүркүт. Муну кетириш керек Ак-Зоодон нары көздөй түртүп. Мен турганда качпагыла эч кимиңер үркүп. Кыскасы, мени каралагандардын өздөрү акмак! Мен деген аябай сулуу каргамын аппак! Ка-ак!.. Ка-ак!..

Айтор, дал ушул учурда жебеге мээленип калган карга “менин бүт турпатым ак” деп канатын нары-бери чойду. Ою жүгдөрүнөн да кара экенин дагы бир ирет көрсөтүп койду. Өзүнүн жаман оюнда, бүркүттү тили менен “сойду”. “Балп” этме сөздү уккандар каткырып, “тамашага” аябай тойду.

Эгерде козгой турган болсок эскини, карга башчылык кылып турган кезде бар эмес беле тандалма куугунтуктоонун эпкини. Мисалы, алты жылга камаган болчу эт жейт деген жалаа менен эчкини.

Орозбек Бөрүгулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: