Menu

БУУнун жумушчу тобу Тажикстандагы күмөндүү камакка алууларды изилдейт

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу Тажикстандагы күмөндүү камакка алууларды жана жарандардын табышмактуу жоголушун изилдейт.

Адамдардын киши колдуу болуп жоголушу боюнча БУУнун жумушчу тобунун эксперттери – Бернар Духайме менен Хенрикас Микевичус Тажикстанда 30-июндан 5-июлга чейин болуп, дайынсыз болуп жаткан адамдар тууралуу маалыматтарды чогултушат. Иликтөөнүн алкагында алар өкмөттүн, жарандык коомдун жана БУУнун тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле дайынсыз жоголду делген адамдардын туугандары менен жолугушат.

Өлкөнүн Зебуннисо Торонова аттуу тургуну БУУнун жумушчу тобу 2015-жылы милиция кызматкерлери кармап кеткен 29 жаштагы уулу Мухаммад Саидов менен 31 жаштагы коңшусу Касым Каримовдун тагдырын билип беришет деп үмүттөнүүдө.

«Милиция кызматкерлери Мухаммад менен Касымды кармап кетип, алар үйгө жакында кайтып келе тургандыктарын айтышкан. Бирок ошондон бери балдардын тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок», — деди Торонова.

Анын айтымында, бул боюнча өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарына жолдогон кайрылууларынан эч кандай майнап чыккан эмес.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги дале болсо Мухаммад Саидов менен Касым Каримовдун кармалгандыгы тууралуу маалыматты ырастай дагы, төгүндөй дагы элек. Бирок көз карандысыз булактар алар экстремизмге шектелип кармалганын билдиришүүдө.

Жумушчу топтун Тажикстандагы бул изилдөөсү боюнча баяндамасы 2020-жылы Женевада өтө турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде тааныштырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: