Menu

Өзүн мыйзамдан өйдө койгон АША

Бөлүшүү:

Атамбаев мыйзам талабына баш ийбесин, керек болсо ага курал менен каршы чыгарын ачык айтты. Бул терроризм, экстремизм жана сепаратизм эмей эмне?!

Атамбаев ар дайым өзүн мыйзамдан, Конституциядан жана элден жогору коюп келген. Анын мындай сапаты 22-июнда хан сарайында жолугушуу учурунда өзгөчө ачык көрүндү. Атамбаев ага коррупция жана узурпация боюнча айып койгон Жогорку Кеңеш менен кызматташпасын, тартип коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбесин, аларга курал менен каршы турарын билдирди. Бул терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен чектелген билдирүү… АШАнын мыйзамдан, мамлекеттен, элден өзүн жогору койгон өзүм билемдиги башынан эле белгилүү. Ага ынануу үчүн жакынкы тарыхыбызга көз салсак жетиштүү.

Маселен, ал бийликке келгени мыйзам талаптарын тебелеп, элди көзүнө илбей жансакчы, айдоочуларын мамлекеттик эң жогорку кызматтарга дайындады. Ал чала сабат дилетанттары коррупция жана талап-тоноочулукту болуп көрбөгөндөй күчөттү. Мамлекеттик институттар деградацияланды…

2020-жылга чейин өзгөртүлбөш керек деген жобо менен 2010-жылы жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияны 2016-жылы өзүм билемдик менен өзгөрттү.

Акыркы жылдары саясий оппонентке айланган Өмүрбек Текебаевди бир адамдын жалаасы мене көп жылга абакка кести. Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Талгарбековдор жалаа менен камалды. Кумтөр аферасына каршы чыккан Садыр Жапаров куугунтукталып, соңунда көп жылга жалаа менен абакка салынды.

Кумтөрдө болсо коррупциялык схема иштей берди. Ал схеманы бузууга бир аз жол чапкан өкмөттөр (Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбаев ж.б.) кызматынан куулуп жатты. Сатыбалдиев 50%-50% формуласын даярдаган эле, Оторбаев канадалык аферисттерди башка акционерлер менен алмаштырууну сүйлөшүп жаткан эле. Ушулардын баарын Атамбаев Текебаев жардамы менен жокко чыгарып жатты…

Кытайдан (2 млрд. доллар) насыялар атайын мыйзамдарды бузуу менен алынып, талап-тоноого шарт түзүлдү. Мамлекет эң оор карыз төлөө түйшүгүнө кабылды. Конституция талаптарына карабай Жогорку Кеңеште өлкөдөгү абал боюнча бир да жолу маалымат берген жок. Мунун өзү Атамбаевдин мамлекеттик бийлик – институттарын канчалык сыйлабасын, “жиндиликке” жеткен өзүм билемдигин көрсөтүп турат.

Мына ушул “самодурствонун” кульминациясы 22-июнда фашисттер СССРге кол салган күнү апогейине жетти. Бул күнү Атамбаев мамлекеттик органдардын, конституциянын, мыйзамдардын талабына баш ийбесин, керек болсо ага курал менен каршы чыгарын ачык айтты. Бул терроризм, экстремизм жшш сепаратизм эмей эмне?!…

АШАнын бул сөзү жана кадамдары эмнеси менен коркунучтуу? АША жана анын пропагандисттери акыркы кезде трайбализм жана регионализм уусун аябай чачты. Кээ бир адамдар ага ууланды…

АША керт башын сактап калуу үчүн баарына даяр. Ал канча болбосун баланы курмандыкка чалып, чагым жасап, өлкөнү бүлүндүрүүдөн, региондорду карама-каршы коюудан кайтпайт. Ошондуктан бул анткорду зыянсыздандырууда кылдаттык жана акыл керек…

Айдар Акматов

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: