Menu

Тажикстанда өрттөлгөн алты жаштагы кызды белгилүү немис профессору дарылайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда өспүрүмдөр тарабынан өрттөлгөн алты жаштагы Осия Зулфонованы Германиядан келген белгилүү дарыгер Эдгар Бимер дарылайт. Бул тууралуу Душанбе шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Эдгар Бимер – белгилүү немис дарыгери, профессор, Европанын пластикалык хирургдар биримдигинин президенти.

Душанбе шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Тохир Зубайдовдун айтымында, Осиянын саламаттыгы бар аз жакшырды, бирок дале болсо жандандыруу бөлүмүндө жатат. «Эдгар Бимер Душанбеде бир нече күн болуп, Осия Зулфонованы дарылайт. Мындан тышкары күйүк борборундагы башка бейтаптардын абалы менен да таанышат», — деди Зубайдов.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы белгилүү немис дарыгери Душанбеге президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен келгенин билдирди. Буга чейин мамлекет башчы өлкөнүн саламаттык сактоо министрине Осия Зулфонованын дарыланышын жеке көзөмөлүнө алуу тапшырмасын берген.

19-июнда Душанбенин Сино районунда үч өспүрүм алты жаштагы Осияны зым тосмого аркан менен таңып, өрттөн жиберишкен. Кыздын денесинин 65 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилген.

Сино райондук прокуратурасы Осия Зулфонованын өрттөлүшү фактысы боюнча тергөө иштерин баштаган. Бул кылмышка 9дан 15 жашка чейинки үч өспүрүм шектелүүдө. Учурда алар эркиндикте.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: