Menu

Дүйнөдө селфи учурунда ажал тапкандар көбөйдү

Бөлүшүү:

Франциялык Le Figaro гезити өзгөчө фондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон кишилердин саны өсүп жатканын жазды. Буга байланыштуу айрым өлкөдө бийлик белгилүү эрежелерди киргизүү аракетинде.

Маселен, Индияда “селфи үчүн атайын зоналар” белгиленди. Орусия полициясы болсо “Коопсуз селфи эрежелерин” киргизип, адам өмүрү өзүн-өзү сүрөткө тартуудан жогору турарын эскертүүдө. 2019-жылы АКШда селфи учурунда 41 киши өлгөн. Алардын көбү Чоң каньондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон.

Бразилия, Германия, Вьетнам жашоочуларынын айрымдары автоунаа же мотоцикл менен бартып селфи кылган учурда ажал тапкан. Бийик имаратта жана тоолордо да адам өмүрүн алган учурлар арбын. Польшанын Освенцим музейинде селфи жасоого жана аны социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган. 2011-жылдан 2017-жылга чейин селфи учурунда 259 адам өмүр менен кош айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: