Menu

Тагдыр: “Эки уулумду өзүм багам, бирок апасы алимент доолап жатат…”

Бөлүшүү:

Турмушта эки айры жолго түшкөн жубайлардын арасында адатта баланын түйшүгүн энелер тартып келген эмеспи. Бул сапар балдарынын милдетин мойнуна алып өзү асырап жаткан атанын тагдырын баяндайбыз.

“Баласын таштап кеткен апалар деле бар…”

Баласын таштап эле басып кеткен аталарды укканда кантип эле басып кетишет, канынан жаралган баласы турса деп аябай жүрөгүм ооруйт. Бирок баласын таштап басып кеткен апалар деле болоорун айта кетким келет. Жубайым экөөбүз 7 жыл бирге жашап, 2 балалуу болдук. Кыргызстандан кыймыл жок, жашоо шартыбыз оорлошо бергенинен Россияга иштегени кеттик. Ал жакта досторум абдан жакшы бизнес кылып, алды отурукташып, жарандык алып калышкан. Мени да жолдо калтырышкан жок. Майдадан баштап бизнес кылып, бара-бара ишибиз жүрүшө баштады. Кыргызстанга улам акча-тыйын салып жатып ата-энемди мал-жандуу кыла баштадык.

“Акчабыз улам көбөйгөн сайын ынтымагыбыз жоголо баштады”

Акчабыз улам көбөйгөн сайын ынтымагыбыз жоголо баштады. Жубайым жеке компаниябызга алыс кишиден кызматка албай жакындар эле болсун деп Кыргызстандан эжесин, апасын, агасын чакыртып алды. Баары биздин батирде жашашчу. Эки уулумду бала бакчага берип, жакшынакай эле жашап жүрдүк. Бизнес кулачын кенен жайып, товарларыбызды Россиянын коңшу өлкөлөрүнө чейин сата баштадык. Улам чогулган акчаны банкка сактап, Кыргызстанга кетебиз деген тилек менен жашап жүрдүк. Бир эмес, эки унаа алдык. Жубайым унаа айдаганды үйрөнүп, бирөөсүн ал айдап жүрдү. Буйрутмалар чыкканда экөөбүз эки башка шаарларга кетип, эки жактан тытынып эле иштеп жүрдүк. Бирок ыркыбыз кетип, бири-бирибизге отчет бергибиз келбей баштады. Компания тездик менен жакшы акча таба турган булакка айланды.

“Негизи күйөө бала менен кайын эненин сый болгону эле жакшы”

Айдын аягында бири-бирибизге отчет бергенде кыргын-сүргүн болуп урушчу болдук. Анын апасы, бир туугандары жакшы айлык алышаар эле. Алар да биздин жеке ишибизге кийлигишип, чогуу урушкан адат таап алышты. Эмнегедир мага алардын үй-бүлөсүнө кызматчы болуп калгандай сезимдер келе баштады. Айылдагы тааныштардан сураштырсам, кыска аралыкта кайын энем чоң үй салып, бат эле бүтүрүшүптүр. Акча каяктан келип жатат десем, “Үчөөлөп иштеп жатабыз” – деп кутулушту. Мен дароо чийки май жегендей боло түштүм. Кайын энем ортобузга кирип, кызынын жанынан чыкпай, аны таптакыр бузуп таштады. Үй-бүлө эмес эле, тирешкен адамдарга айландык. Бара-бара “Кызым эле иштеп жатат, сен иштесең, ал да сенден көп иштейт” – деп мага да үнүн катуу чыгара баштады. Негизи күйөө бала менен кайын эненин сый болгону эле жакшы.

“Жубайым экөөбүз ажырашканда балдарды эмес, бизнести тандаган…”

Күндөрдүн биринде компаниянын адвокаты жубайыңыз жарым үлүшүн өзүмө жаздырам деп сиздин үстүңүздөн арыз берди деп калды. Ишке тез эле барып эмне болгонун сураштырсам, “Экиге бөлүп алалы, бири-бирибизден шек санай берет экенбиз” – дейт. Ачуум менен анда биротоло ажырашалы дедим. Ал да макул болду. Мени ушунча жыл колдонуп келишкенине ызаланып, ажырашаарым менен компанияны ага калтырып, эки баламды алып Кыргызстанга кетип калдым. Бала керекпи же акчабы десем, “Балдарым качан болсо мени кечиришет” – деп компанияны тандап алган. Кыргызстанга келип балдарымды мектепке киргизип, бул жактан чакан иш баштап иштеп жатсам, “Банкрот болуп калдык” – деп алар да Кыргызстанга келип алышты. Мыйзамдуу түрдө ажырашканбыз. Балдар кичинекей болгон соң мен алып кетип калгам. Аларды ата-энем багып чоңойтушту. Эми аялым келип алып “Бала деген энеси менен болушу керек болчу экен. Сен алимент төлөгөн эмессиң” – деп мени сотко берип жатат. Негизи ал компанияны алып жатканда балдардан баш тарткан. Эми энелик сезими ойгонуп, балдарын сагынып жатыптыр. Үйдү акмалап, балдарды аңдып тынчтык бербей жатат…

(Каармандардын ат-жөнү өздөрүнүн өтүнүчү менен аталган жок)

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: