Menu

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Атамбаевди сындап, жаман дей албайм”

Бөлүшүү:

– Чыныбай мырза, учурда Жогорку Кеңешти сындагандар, чабал деп жеригендер четтен чыгат. Парламенттин ишмердүүлүгүнө канааттанасызбы?

– Чынын айтыш керек. Бүгүн Жогорку Кеңешке жетиштүү сын бар. Бирок ошол эле маалда иштин көзүн тапкан, мыйзамды қатыра жазган, өз милдетин жакшы түшүнгөн, жасаган ишин жар салып айта бербеген депутаттар да бар. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары эле чабал, иштин көзүн таба албайт дегенге макул эмесмин.

– Атамбаев камалса, өлкөдө саясий туруксуздук орун алышы мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Анын да жетиштүү тарапташтары бар. Ошолор ойго келбеген жагдайларды жаратып, абалды туруксуз кылып, стабилдүүлүккө кооптуу жагдай жаратып коюшу мүмкүн. Мен өзү тынчтыктын тарапкеримин. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушун, эч ким аша чаппай, карапайым калк жабыр тартпашын каалайм.

– Сиз Атамбаевди сындаган тарапка кошуласызбы же колдогон тарапкабы?

-Мен Атамбаев жаман деп айтып чыгууга абийирим жол бербейт. Атамбаев Конституцияга ылайык бийликти өзү убагында тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары анын кемчиликтери көп экенин айта алам. «Мен ушундай жаралып калсам кантейин, ушундай жаралганым үчүн Атамбаев болуп келе жатам» — деп өзү да айткаң. Биз Атамбаевди 6 жыл президент көтөрүп алып, бүгүн ооруп калды, бейтапканага которуу зарыл деп айтканыбыз туура эмес». Анын да кемчиликтери менен кошо мактоого арзыган жакшы жактары да бар. Ошондуктан аны сындап, жаман дей албайм.

– Учурда коррупция менен күрөш туура багытта жүрүп жатабы же тандалма жол менен ишке ашып жатабы?

– Азыр коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок кандай багытта ишке ашып жатканын Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин гана баа беребиз. Анткени коррупция менен күрөш кандай багытта ишке ашканы ошондо билинет.

– Өкмөт неге экономиканы көтөрө албай чабалдык кылып жатат?

– Баарыбыз экономиканын көтөрүлүшүнө салым кошпосок, өкмөт жалгыз көтөрө албайт. Башкача айтканда, экономиканы көтөрүүгө жалгыз өкмөттүн күчү жетпейт. Ошондуктан колдон келишинче баарыбыз салым кошушубуз керек. Өкмөткө эле доомат коё бербей.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: