Menu

УКМК ККК: Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз кирүү фактысы боюнча келтирилген зыяндын чыгымдары бюджетке кирешеленди

Бөлүшүү:

2019-жылдын 28-июнунда Кырзыз Республикасынын аймагына
Казакстандан Республикасы аркылуу контрабандалык каналдар аркылуу алып
кирүү фактысы боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,
«П.П.К.» ЖЧК тарабынан мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген 6 млн 543
миң сом өлчөмүндөгү акча каражат депозиттик эсебке которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына Казакстандан темир жол аркылуу чийки газ конденсатынын компоненттери катары, милдеттүү салык төлөмдөрүсүз күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз кирүү каналдары аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келинген «Кара-Арча» жана “Кант” темир жол станциясынан беш цистерна күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери улантылып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: