Menu

Иран байытылган урандын запасын көбөйттү

Бөлүшүү:

Иранда төмөн байытылган урандын запасы 2015-жылкы эл аралык келишимде каралган чектен өттү. ИРНА кабар агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифке шилтеме берип жазганына ылайык, 1-июлда запас 300 килограммдык лимиттен ашты.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик текшерүү жүргөндөн кийин маалымат берерин билдирди.

Былтыр майда АКШ көп тараптуу келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Ислам жумурияты документке кол койгон Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия санкциялардын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу аракетин көргөн жок деп сындап уран байытууну көбөйтөөрүн эскерткен. Европа мамлекеттери келишимди бузуунун арты олуттуу болоорун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: