Menu

Көргөндүн көзүн кубанткан чыгыш бийи

Бөлүшүү:

Жарым жылаңач аялзаты улам толкуп, кайра албууттанган музыканын коштоосунда чимириле бийлеп атканын көргөн бир да эркек кайдыгер калбаса керек. Бийчинин дене мүчөсү үлбүрөк кездеменин артынан көрүнүп-көрүнбөй делебени козгойт эмеспи. Төмөндө чыгыш бийи тууралуу кененирээк кеп кылсак.

Тарыхынан

Чыгыш элине гана таандык бул бийдин тарыхына кайрылсак, мындан 4 миң жыл мурун Индияда пайда болгон деген маалыматтар бар. Андан журүп отуруп Греция, Персия жана Түрк элинин бий элементтери кошулуп, бүгүнкү күндөгү заманбап чыгыш бийи келип чыккан. Мындагы ар бир кыймыл-аракеттерди ийине жеткире аткара билүү өзүнчө бир искусство. Бул бийде топ-тобу менен же жеке аткаруучу бийлейт. Бий өзү бир кишиге же жалпы көрүүчүлөргө да арналып аткарылат. Кээ бир элементтери стриптиз бийин эске салып, көрүүчүнүн делебесин тез эле козгоп кое алат.

Ден соолукка пайдасы

Чыгыш бийи көрүүчүлөргө ырахат тартуулоодон тышкары бийчилердин өзүнө дагы абдан пайдалуу. Бийди үйрөнө баштаган адамдын келбети көркүнө чыгып, дене бою чымырланып, баскан-турганы тегеректегилерге жагымдуу көрүнө баштайт. Дененин физиологиялык абалы жакшырат. Атургай тери оңолуп, өңү да сулуулана түшөт. Бийде ички органдардын баары кыймылга келгендиктен, керектүү массаж жасалып, төрөттү жеңилдетүүдө, төрөттөн кийин денени калыпка келтирүүдө мааниси зор. Көпчүлүк аялдар арыктоо максатында чыгыш бийи менен машыгып жүрүшөт.

Жандүйнө менен дененин «достугу»

Музыканын ритмине карата кыймылдоо менен бийчи бара-бара өз денесин изилдеп, түшүнүп, ар бир мүчөсүн өз-өзүнчө башкарууга үйрөнөт. Бийлеп жаткан адамды сырттан байкасаң, чын эле ар бир мүчөсү өз-өзүнчө бөлүнүп кеткенсип кыймылдайт. Белдин, жамбаштын, курсактын, көкүрөктүн жана балтырдын ийкемдүү, сексуалдуу кыймыллашына шарт түзөт. Андан сырткары бийчи психологиялык жактан чоң колдоо табат. Бийлеген аялдар өз кадырын сезип, дене сулуулугуна гана ээ болбой, эркектерди эстен тандыруучу ийкемдүү кыймыл-аракетке, жакшы маанайга ээ. Бул өнөргө ышкыбоздор бийлеп, бийге болгон кумарын кандыруудан кадимкидей ырахат алып, өздөрүн азгыруунун кыйын устаты катары сезишет.

Чыгыш бийи менен эркектин жүрөгүн багындырууга болобу?

Айгерим Расул кызы, ырчы: «Чыгыш бийин ар бир аял заты бийлей билиши керек»

—Албетте. Чыгыш бийин ар бир аялзаты бийлей билүү керек. Баарына болбосо да жок дегенде өзүнүн жолдошуна бийлеп берсе, өзүнө да, күйөөсүнө да чоң кубаныч тартуулайт. Ушул бийдин жардамы менен эркектин сүйүүсүңө арзып, ошол жигитке турмушка чыккан далай кыздарды билем. Чыгыш бийин ар ким ар түрдүү бийлейт. Өзүм тууралуу айтсам, атайын кыймыл-аракеттерди жаттабастан, музыканын ритмине карата бийлейм. Музыканы сезе билүү менен кайталангыс бийди тартуулоого болот.

Назик Исраилова, бийчи: «Чыгыш бийи эч бир мырзаны кайдыгер калтырбайт»

—Болот. Мисалы, эч ким менен иши жок, жигит менен сүйлөшүүдөн тартынган жоош кыздар бар. Андайларды жигиттер дагы анча байкай бербейт. Дал ошол кыздарга чыгыш бийин сунуш кылар элем. Анткени чыгыш бийине бир дагы эркек кайдыгер карабайт. Мыкты бийлеп, кайсы бир кечени шылтоо кылып, өз өнөрүн көрсөтүп койсо, жок эле дегенде 2-3 жигиттин көңүлүн өзунө бурдура алат. Эркектер дене мүчөнүн ийкемдүүлүгүн, жагымдуу кыймыл-аракетти көргөндө келбеттин сулуулугун экинчи планга калтырып коюшат. «Буга үйлөнсөм, келечекте айлуу түндөрдө мага ушундай жакшынакай бийлерди тартуулайт» деп кыялданат.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: