Menu

Дастан Жумабеков жөнүндө “дастан” жазсаң болот

Бөлүшүү:

Төрага Дастан Жумабековду саясатка чейин мактап, анын адамгерчилигин баалагандар көп болчу. “Жакшы уулуңду шаар көрсөтпө” дейт эмеспи кыргыз, анын сыңары Жумабековдун арааны, абийири саясатка салмак таштагандан улам билинди. Таластагы кайсыл бир чогулушта, анын өзүн окуткан “боевая” эжекеси эл көзүнчө эле “жакшылап атын жаза алчу эмес эле, төрага болгонуна таң калып атам” дегенин угуп, айран-таң болгонбуз. Айтканда да түз эл көзүнчө. Өзүнүн деле кулагы чалгандай болду. Бул кызматка келгенче Дастакең Таластагы буурчак топтогон чарбанын башында туруп, кадимки эле кара таман жигит эле. Тагыраагын айтканда, даана таластык болуп, айтканынан кайтпаган, акты ак деген азамат болчу. Кызматың кургур кылбаганды кылдырып коет окшобойбу. Эми ал ар кимдин ар намысынан да. “Ай ушул таластык эмес го” деп шектенип жүргөндөр да бар.

Саясатка кадам таштаганы же жетекчи болуп барганы МЧС кызматы болду окшойт. Ал тармактын бир кездеги жетекчиси ушул кезге чейин олтурган жеринде “ал кантип төрага болгонуна таң калам, МЧСке келгенде эч нерсе билбей, кантип жазам деп жадатчу” дейт имиш. Эми анын ким экенин Дастакең өзү жакшы билээр.

Төрага болуп калды. Атамбаевдин арты менен болгонун өзү деле танбай келет. Таластыктарды Абыке-Көбөш деп айта коем деген Атамбаевди, азыркы Атамбаев бийликке сес көрсөтүп жаткандай түр менен Таласта митинг өтүп, кечирим суратууга бел байлаган кезде, Атамбаев облус жетекчиси Даир Кенекеевди вице-премьер министрликке, Дастан Жумабековду ШСнын төрагасы кыла койгон болчу. Аттиң десеңерчи, ал экөөсү арданышкан эмес. Калдайган Таластын элин казакка кошулуп кет, Абыке-Көбөш алты арамдын тукумдары деп атса да, кыңк дебей кызмат үчүн бул эки “эргул” ээрчишип барып олтурушкан. Эми алар азыр кай жээкти жээктеп, кай саясатты беттеп жүргөнү белгисиз. Алдыда айтылчу арбын кептер бар…

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: