Menu

Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордон улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: