Menu

Өзбекстанда 72 жаштагы жаран абитуриент болду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 72 жаштагы апа абитуриент катары Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырды. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги Мамлекеттик тест борборунун башчысы Барно Ражабовго шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, улгайган жарандын документтери окуу жайларга тапшыруунун жаңы эрежелерине ылайык кабыл алынган. Анда абитуриенттердин жаш курагы боюнча чектөөлөр алынып салынган.

Мындан тышкары жаңы эрежелерге ылайык, Өзбекстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерден саламаттыгы тууралуу маалымкат (форма-086) талап кылынбайт.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан 70 миңден ашык абитуриент жогорку окуу жайларга документтерин тапшырышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: