Menu

Арыстын тургундарына компенсация төлөөгө 11,7 миллион доллар талап кылынат

Бөлүшүү:

Казак бийлиги Түркстан облусундагы Арыс шаарынын ар бир тургунуна компенсация катары 100 миң теңгеден 263 доллар) төлөп берүүнү пландап жатат.

Облус башчысынын орун басары Жолдымурат Аманбаевдин айтымында, бул үчүн жалпысынан 4 миллиард 478 миллион 100 миң теңге (11,7 миллион доллар) талап кылынат. Керектүү сумманы облустук жана республикалык бюджеттен, ошондой эле Арыстын тургундарына жардам катары топтолгон атайын фонддон алуу каралууда.

«Бүгүн саат 12ге карата аталган фондго 1 миллиард 219 миллион 934 теңге (3 миллион доллардан ашык) топтолду. Фонддогу бардык каражат шаар тургундарына берилет. Бул үчүн эч кимден кошумча кагаздар талап кылынбайт», — деди Аманбаев.

Расмий маалыматтарга ылайык, 24-июнда Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампадагы жарылуудан үч адам мерт болуп, миңдеген тургун коопсуз жерлерге көчүрүлгөн. Медициналык жардам сурап 400дөн ашык киши кайрылса, алардын 90го жакыны ооруканаларга жаткырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: