Menu

“Соке болбой калды” митингинин максаты эмне?

Бөлүшүү:

КСДПдан билдиришкендей, митинг 3-июлда саат 16:00дө “Медиафорумдун” алдында башталат. «Соке болбой калды» деген ураандын астында митингке чыгаарын экс-президенттин тарапташтары жазып чыгышууда. Бул митинг боюнча Алмазбек Атамбаев өзү 30-июнда Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолуккан учурда митингге катышарын айтты.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер:

– Менимче 3-июлда митинг деле болбойт. Болсо да жалданган топ гана барат. Себеби, жөнөкөй эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековдон үмүтүн үзө элек. А.Атамбаев болсо өз кылмышын жашыруу үчүн жанталашып ар кандай жолго барып тыбырчылап атат. Бирок эл аны ээрчибейт.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:

– Буга чейин Атамбаев жана анын командасы мыйзам бузулду деп жатышты эле. Эми «Соке болбой калды» деп чыгып атышат. Эгер бийлик тезинен буга көңүл бурбаса, эртең «Соке кетсин» деп башташат. Алар азыр ачык чабуулга өтүп жаткандай иш аракеттерди баштап жатышат. Ошондуктан бийлик буга тезинен мыйзамдуу жол менен чара көрүшү керек.

Роза Отунбаева, экс-президент:

-Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени – аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө. Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак.

Ашырбек Бакаев, генерал:

– Мыйзам жагынан караганда ар бир адам чектелген бир шарттарда митингге катышууга укугу бар экени талашсыз. Бирок кептин баары, же тагыраак айтканда, ал митингдин себептеринде жана максаттарында. Эми болжолдолуп жаткан митингдин негизги максаттары, менин оюмча, бир нерселерге нааразы болуп, арыз-муңун айтып алсак, бийликке кайрылсак, көйгөйлөрүбүз чечилеби деген ой болуш керек. Ал эми азыркы кырдаалга карата ой жүгүртсөк, митингдин аталышына көңүл бурсак, анда бул коомду туйбай, Конституцияны сыйлабай, өтө эле өзүм билемдикке өтүп бараткандай. Мындай митингдердин болгонунан болбогону эле жакшы…

Осунбек Жамансариев, жактооочу:

– Белгилеп кетчү нерсе, Атамбаев президент болуп турган учурда эле, Ата мекен партиясынын мүчөлөрү, Батукаевдин түрмөдөн чыгышына ж.б. кылмышка шектеп, ага импичмент жарыялоо маселесин көтөрүшкөн. Бирок, ал аракеттеринен майнап чыкпаганы, баарыбызга белгилүү. Мындайча айтканда, А. Атамбаевдин кылмышка тартуу маселеси бүгүн эле пайда болгон жок. Эми, А. Атамбаев жоопкерчиликтен кутулуу үчүн «Соке болбой калды» деп, митинге чыкканы турушат.

Жеке пикиримде, аталган митингди колдобойм.

5 кылмыш иштин бирин – Батукаевдин ишин алсак, элге деле түшүнүктүү Атамбеавдин кийлигишүүсү болмоюн Батукаев түрмөдөн чыкмак эмес . Анысы мейли, эгер Атамбаевдин тийешеси жок болсо анда, эмне үчүн ошол учурдагы комиссиянын чечими боюнча кылмыш иш козголгон жок? Анан Жогорку Кеңеш эмне кылсын? Баары ачык белгилүү болуп турса. ЖК өз милдеттерин аткарышты. Эң негизгиси, тергөө мыйзамдуу, сот ачык жана мыйзамсыз өкүм болбош керек.

Айта кетсек, А.Салянованы мыйзамсыз Елисеевге лицензиясын берген, деп өкүм чыккан. Саляновага коюлган күнөө чоң күмөндүү болчу. Бул юристтерге, элге деле түшүнүктүү болгон. Бирок, Атамбаевдин учурунда эмне болду?

Кыскасы, өч алуу же мыйзамсыз иш болбош керек.

Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, экс президент Алмазбек Атамбаев элге үлгү көрсөтүп, ачык тергөө, сотто өзүн коргоп далилдесе, эң туура болот. Эгер, тергөө же сот органдары мыйзамсыз иш алып барышса, ошондо эл чыгат, мен да чыгат элем.

2010-жылдагы кандуу окуядан кийин Атамбаев президент болуп Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курганга, өнүктүрүүдө өзү турду. Ошондуктан, тергөөдөн, соттон коркпой катышыш керек. Митинг, деп элди тескери жака айдабай.

Исмаил Исаков, генерал:

– Алардын коомду башка бир тарапка буруу аракети жыйынтык бербейт. Албетте, адамдардын арасынан нааразы болуп чыккандар болот. Бирок көпчүлүк түшүнөт, баары билимдүү. Атамбаев эгерде мыйзамды, элди, үй-бүлөсүн, өзүнүн статусун сыйласа «баарыңар чыдап тургула. Сот болсун. Ачык сотко келип катышкыла. Мен күнөөсүз экенимди далилдеп берем. Андан көрө мага ден соолук каалагыла» деп айтышы керек эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: