Menu

Видео – Атамбаев аны колдоп Таластан 100 жигит келгени үчүн Таластыктардын дарегине айткан 1 кемсинтүүсүнө кечирим сурады

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-июлдун кечинде Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы хансарайынын алдына чыгып, тарапкерлери менен жолугушканда, аны колдоп Таластан 100 жигит келгени үчүн Таластыктардын дарегине айткан бир нече кемсинтүүлөрүнүн бирине чала-чарпыт кечирим сурады.
“Таластыктар жөнүндө минтип айтар элем: чын эле мына азыр 100дөн ашык Таластык жигит жүрөт, мен абдан толкунданып ыраазы болуп жатам. Анткени чын эле убагында айткам Таласта Абыке, Көбөштүн урпактары көп депчи. Андайлар деле бар, мына азыр спикерди көрүп жатасыңар, да. Бирок негизги Абыке, Көбөштүн урпактары жанымда жүрүптүр да, жармашып. Ошол эле Сооронбай, Мурмукулов, баары жанымда жүрүптүр да, атаңгөрү. Ошондуктан кечирим сурайм, мен чынында кээ бирде “балп” этип айтып алам эми, ичимде эмне болсо тышыма чыгып кетет да. Анан баары эле таарына берет мага, эл деген тараза, мен ойлоп турам, Таластыктар таарынбасын”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев.
Ошентип Алмаз Атамбаев “Таластыктар Абыке, Көбөштүн урпактары” деген бир кемсинтүүсү үчүн чала-чарпыт кечирим сурады. Анткени кечиримдин артынан “Андайлар деле бар, мына азыр спикерди көрүп жатасыңар да, тчимде эмне болсо тышыма чыгып кетет” деп айрым Таластыктарды кайрадан кемсинтип кетти.
Экинчи кемсинтүүсү – “Таластыктар эл болбойт!” дегени үчүн кечирим сураган жок.
Үчүнчү кемсинтүүсү – “Жээнбековго добуш бербесеңер Таласыңарды Кыргызстандан бөлүп, Казакстанга кошуп коём” дегени боюнча кечирим сурабады.
Төртүнчүсү – 2007-жылы Бакиевдин премьер-министри болуп иштеп жаткан Атамбаев “Жерүй” алтын кенин сатам деп Таласка барганда Таластыктар таш атып кууп чыгып, таш аткандарды куугунтуктап, алардын айрымдары алигиче чет жерде жүрүшөт. Өзү президенттикке келгенден кийин 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 100 млн эле долларга сатып, ага 100 мектеп курам деп убада берип, анын 60ын куруп, калганын курбай койду. Баарынан өкүнүчтүүсү Атамбаев “Жер үй” алтын кенинин 100%ын тең чет өлкөлүктөргө ит бекер сатып, кыргыз элине 1% да энчи калтырбаптыр.
Бул калган кемсинтүүлөрүнө Атамбаев качан кечирим сурайт болду экен?
Кечирим сураса эле кечире бергидей намысы жок эл да болот бекен?

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: